warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Жарандык иштерди талдоо методикасы” темасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору үчүн Ош шаарында семинар өткөрүүдө

20.09.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ программасы менен биргеликте 2017-жылдын 19-20-сентябрларында “Жарандык иштерди талдоо методикасы” темасында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрүүдө.

 

Толугураак

Тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык сотунун судьясы - Эрмек Бейсекеев, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы – Чинара Садырова жана Германия, Ылдыйкы Саксониянын Олденбург шаарынын участкалык сотунун төрагасы - Хорст Фреельс чыгышат.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 20 судьясы катышууда.

Семинардын жүрүшүндө судьялар “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» (GIZ) Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун Программаларынын көмөктөшүүсү менен Германия ФедеративдүүРеспубликасынын жана Кыргыз Республикасынын судьялары менен биргеликте эксперттер тарабынан иштелип чыккан окуу материалдары боюнча билимин жана көндүмдөрүн кеңейтишет, ошондой эле “реляция” жана “субсумация” - укук ченемдерин колдонуу методикасы боюнча жарандык иштерди талдоонун жаңы практикалык көндүмдөрүн алышат.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00