warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Соттук чечимдердин сапатын жакшыртуу” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн семинар өткөрдү

06.10.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби ЕБ - Борбор Азия укук үстөмдүүлүгүнүн платформасы, “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү” (GIZ) Германия эл аралык кызматташтык коомчулугунун программасы, ЕБ “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте “Соттук чечимдердин сапатын жакшыртуу” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрдү. 

Толугураак

Бул семинар учурдагы мыйзамдын теориялык билимин жана соттук тажрыбаны мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле соттордун жазык, жарандык жана административдик иштер боюнча сот чечимдерин даярдоодо практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгууларына багытталган. Окутуу Экономиканын жогорку мектебинин Улуттук изилдөөлөр университетинин Санкт-Петербургдагы филиалынын профессору Михаил Антонов менен Литванын Юридикалык институтунун директору Юргита Паужайте-Кулвинсиене даярдашкан “Борбор Азия  өлкөлөрү үчүн сот чечимдерин түзүү  методолгиясы” соттор үчүн методикалык колдонмону колдонуу менен өттү.

Семинар жарандык, административдик жана жазык укугу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын адистештирүүсүн эске алуу менен үч топто өтттү. 

Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Раушанай Тургунбаева, ЕБ долбоорунун өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси - Никола Скарамуззо, “ЕБ-Борбор Азия укук үстөмдүүлүгү платформасы” долбоорунун жетекчиси Ксавье Барре жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү GIZ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Мадалиев Рустам чыгып сүйлөштү.

Улуттук эксперттер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору - Гульбара Калиева, экс-судья, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конститутциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин секторунун башчысы - Алмаз Молдобаев, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору - Чынара Садырова, GIZ программасынын эксперти, “Ачык укук институту” коммерциялык эмес башкармалыктын төрагасы - Эрмек Иманалиев жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү GIZ программасынын Кыргызстандагы улуттук координатору Мадалиев Рустам чыгышты.

Эл аралык эксперттер катары Михаил Антонов, “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” ЕБ долбоорунун негизги эксперти - Кристине Коре-Перконе, Фор-де-Франс шаарынын апелляциялык сотунун ардактуу биринчи президенти - Эрве Экспер, “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ программасынын кызматкери - Виктор Кесслер, Германиянын отставкадагы судьясы - Манфред Штендер жана юридикалык фирманын адвокаты, Страсбург жана Украинанын адвокаттык коллегиясынын мүчөсү Олександр Овчинников чыгышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залдарында өттү. 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00