warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги жергиликтүү соттор менен кезектеги видео конференц байланышын өткөрдү

28.12.2017

2017-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги  өлкөнүн облусттук жана райондук сотторунун төрагалары менен видео конференция өткөрдү. Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана анын орун басарлары – Качыке Эсенканов, Феруза Жамашева жана Анархан Базаралиева онлайн режиминде облусттук соттордун жетекчилери менен жергиликтүү соттордун  ишмердүүлүгү боюнча  маселелерди талкуулашты.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот адилеттигин жүргүзүүнүн  сапатын жогорулатууга  багытталган тийиштүү чараларды көрүүсүн жергиликтүү соттордон  талап кылды.

Толугураак

Мындан тышкары жергиликтүү соттор тарабынан ишти кароодо мөөнөттөрүн жылдыруу, жарандардан келип жаткан даттанууларды, соттордун жана аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоо маселеси каралды. Ошондой эле  судьялардын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматка жетишүү» Мыйзамын сактоосу, өз убагында  соттук актыларды sot.kg сайтына жайгаштыруу, жергиликтүү соттордо  калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү маселелери талкууга алынды.

Төрайымдын орун басарлары дагы жергиликтүү соттордун төрагаларына  кайрылышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди белгилеп, аны жоюуга бардык аракеттерди жумшоого чакырышты.

Видео конференциянын соңунда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулуп, бул багытта башталган иштер жакын арада өз жемишин бере тургандыгын айтты. Мындан тышкары фемида өкүлдөрүн сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырып, Жаңы жыл сот тутуму үчүн ийгилитүү болушун каалады.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00