warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун эки токтому кабыл алынды

01.12.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 1-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болду.  Күн тартибинде эки токтомду кабыл алуу маселеси каралды:

1.  “ Адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү жана саламаттыкка оор залал келтирүүдөн жабырлануучунун өлүмүнө алып келген  иштер боюнча соттук практика тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

2. “Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик)” жөнүндөгү Мыйзамын колдонуу тажрыйбасынын кээ бир маселелери тууралуу”  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Пленумунун токтому.

Толугураак

Негизги докладдар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары чыгышты.  Биринчи маселе менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Лепес Темирбеков чыкты. Андан кийин сөз Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталы  менен  Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Жумагуловго берилди.

Ал эми экинчи маселе  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  Айбек Давлетов,  бүгүнкү күндө банкроттук жөнүндө ишти кароонун процессине олуттуу таасирин тийгизүүчү көптөгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенин  белгиледи.

Маалым болгондой, пленумдун токтомунун долбоору жергиликтүү сотторго  жиберилип, алардан долбоор боюнча бир топ сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн. Андан соң,  Жогорку Соттун Илимий-консультативдик Кеңешинин талкуусуна коюлуп, долбоор дагы кошумча иштелип чыкты. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин банкроттуулугунун түшүнүгүнүн аныктамасы олуттуу түрдө өзгөрүлгөнүн Айбек Давлетов  кошумчалады.  

Пленумдун ишине  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Айнаш Токбаева, Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү  соттордун төрагалары жана Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурорунун орун басары  Людмила Усманова, Кыргыз Республикасынын Юстиция  министринин орун басары Равшан Абдуллаев, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын  Экономика министрлигинин алдындагы  Банкроттук  иштер боюнча департаменттин өкүлдөрү катышты.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00