Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын түштүк аймагына болгон иш сапары жыйынтыкталды | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын түштүк аймагына болгон иш сапары жыйынтыкталды

08.02.2018

2018-жылдын 6-7- февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапардын алкагында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областарынын сотторунун жыл жыйынтыктоочу жыйындарына катышты.

Жыйындардын жүрүшүндө областык соттордун жана биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдагы иштери боюнча маалыматтар угулду.

Толугураак

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева областардагы айрым судьялардын  кемчиликтерине токтолуп, аларды жоюунун үстүндө иштөө зарылчылыгына айтып , кээ бир фемида өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин дагы белгилеп өттү.Төрайым жергиликтүү соттордун судьяларына сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөнү жана  соттордо каралып жаткан иштерди мыйзада белгиленген мөөнөттөрдө каралуусун камсыз кылууну, ишти кароону негизсиз создуктурбоону жана иштерди мыйзам чегинде гана чечүүсүн талап кылаарын белгиледи.  
 
А. Токбаева каралган иш боюнча соттук актыларды sot.kg порталына жайгаштырууга судьялар милдеттүү экенин эскертти.

Мындан тышкары Төрайым судьяларды жана соттордогу аппарат кызматкерлерди   эмгек тартибин сактоого чакырды.

А. Токбаева жергиликтүү сотторго  учурда Жогорку сот тарабынан сот  ишмердүүлүгүнө алдыңкы технологияларды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандгын маалымдады. Айта кетсек, азыркы убакта бардык областык соттордо жана Жогорку соттун өзүндө видео байланыш орнотулуп, ал аркылуу бир катар маселелерди ыкчам түрдө чечүүгө, бирдиктүү сот практикасын  иштеп чыгуу, жергиликтүү соттор менен түз кеңешмелерди өткөрүүгө болот.

Жыйындын жүрүшүндө  Сот департаментинин областык башкармалыктарынын башчыларынын маалыматтары дагы  угулуп, алардын аткаруу документтерин  ишке ашыруусу жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери  каралды.

Айнаш Токбаева башкармалыктардын башчыларына республикадагы соттордо калк үчүн бардык шарттарды түзүп берүү, күтүү залдарын, жашы жете электер үчүн  бөлмөлөрдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын сотторго кирүүсүн камсыз кылуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу жөнүндө  эскертти.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00