Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева “Асылзат” наамы менен сыйланды | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева “Асылзат” наамы менен сыйланды

08.12.2017

Бүгүн, 8-декабрда  “Элита plus”  журналы жыл  жыйынтыгын чыгарып сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу  аземди  ачып  жатып журналдын башкы  редактору Жазгүл  Карбозова келген  конокторго  ыраазычылык  билдирип,  ар  бир  окурмандын талабына  ылайык  каармандарды  тандоо менен  татыктуу инсандардын маектери журналдын  абройун  көтөрө алгандыгын  кошумчалады. Жалпысынан  жыйырмадан  ашык  номинация  белгиленип,  “Асылзат”  наамына Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы  Айнаш  Токбаева татыктуу болду.  Сыйлык  тапшырып жатып, журналдын  башкы  редактору “Айнаш  Токбаева  бийликтин бир  бутагы болгон, оор тармактын, тактап айтканда сот  системасында  бир  топ  жылдан  бери эмгектенип келет. Сырттан  караган адамга  сот –бул каардуу инсандай сезилгенин менен  бетме-бет баарлашканда  өтө адептүү, мээримдүү, адамгерчиликтүү жана  жөнөкөй экенин байкайсың. Андыктан, кызматын да, ишин да, адамга  кылган мамилеси да, дегеле  аялзатына  тиешелүү сапаттарды бирдей алып жүргөндүгү үчүн сыйлынды”-деп  белгиледи.

Толугураак

Өз кезегинде Айнаш  Токбаева ыраазычылык  билдирип “Элита plus”  журналына ийгилик каалап, мындан бир жыл мурда  коомчулукка позитивдүү, кызыктуу маалыматтарды жеткирип “Элита plus”  журналы иштей баштаганын эске салып, кыска аралыкта кыргыз басылмаларынын арасынан абройлуу журналга айланганын  кошумчалады. 

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00