warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева: “Сотторду башкаруу боюнча райондук соттун төрагасынын кол китеби” алардын ишине чоң жардам бермекчи ”

13.12.2017

Бүгүн,  2017-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сотторду башкаруу боюнча райондук сотунун төрагасынын кол китебинин бет ачаары болду. Китепти жазып чыккан  автордук  топтун  башында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Сотунун төрагасынын  орун  басары Анархан Базаралиева туруп, курамы Бишкек  шаарынын судьясы Ирина Горшковская, Чүй облусунун Аламүдүн  райондук  сотунун төрагасы Азамат Узакбаев, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун  судьясы Эльвира Жаркеева менен  толукталган.   

Толугураак

“Аталган топ  бул китепти чыгаруу үчүн 9 ай  жемиштүү иштеп, бүгүнкү күндө сотторду башкаруу боюнча райондук сотунун төрагасынын кол китебин көрүп жатабыз. Бул китеп төрагаларга  жакшы жардамчы болуп берет ”, - деп билдирди  өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева.

Айнаш Токбаеванын айтымына караганда, биринчи жана экинчи инстанциядагы 72 соттордун ичинен 38 соттордун төрагалары   (бул 52 % түзөт)  сот тутумунда тажрыйбасы жок болгондуктан, соттун төрагаларын  башкаруучулукка, персонал менен иштөөгө жана башка багыттар боюнча окутуу зарыл.

Биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларынын кол китеби  Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын  эксперт-сотторунун   тыгыз кызматташтыгынын  алкагындагы  “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн  бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы болуп саналат. Китеп жети бөлүмдөн туруп, соттордун ишин уюштуруудагы маанилүү аспектилер камтылган.

 

“Сотторду башкаруу бул оңой эмес. Бул тажрыйбаны бат эле өздөштүрүп кетүү дагы оңойго жатпайт. Төрагалардын ишинин оордугун эске алуу менен кол китепти жазып чыгаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн болчу.  Аталган топ Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Төрайымынын буйругун ишке ашыруу максатында соттордун төрагалары үчүн окуу модулун иштеп чыгуу ишин улантат. Бул модуль  Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өз ордун табат деген терең ишеним бар ”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева.

Өз кезегинде “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн  бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун жетекчиси  Кареклас Стефанос аталган кол китепти  туура багытта жана туура колдонсо, бул Кыргызстандын сот тутумун бекемдөөгө, ошондой эле биринчи инстанциядагы соттордун ишинин ачык-айкындуулугун, жетекчиликтин жана сот тутумунун бүтүндөй көз карандысыздыгына жардам бере тургандыгын айтты.

Ошондой эле иш чарада долбоордун эл аралык эксперти, отставкадагы судья Хельмут Палдэ дагы чыгып сүйлөдү. Ал жумушчу топту жыйынтыктар менен куттуктап, бул китеп жаңыдан  ишин баштаган судьяларга жардамы тийип, республиканын сот тутуму  үчүн кызмат кылат деген ишенимин жасады. Мындан тышкары Хельмут Палдэ Төрайымды, топтун жетекчисин жемиштүү иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш чарага ошондой эле  республиканын жергиликтүү сотторунун  төрагалары жана Европалык Союздун долбоорунун  өкүлдөрү: долбоорлордун менеджери,  Кыргыз Республикасындагы Европалык Союздун  өкүлчүлүгү  Никола Скарамуцо, Берлиндеги IRZ кеңсесинин жетекчиси Ангела Шмайнк, долбоордун эл аралык эксперти, Германиядагы отставкадагы судья Манфред Верт жана башка меймандар катышты.

Бет ачаардын жыйынтыгында  кол китепти тапшыруу аземи болду. Иш чаранын катышуучулары бири-бирине ыраазычылык билдиришип, мындан аркы иштерине дагы ийгиликтерди каалашты.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00