warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “Сот департаменттин жаңы имараттуу болушу - бул сот тутуму үчүн чоң жетишкендик”

08.12.2017

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева  Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин жаңыланган имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Жаңы имаратта орун алган ар бир бөлүмдөр менен Сот департаментинин директору Рустам  Ибраимов тааныштырды. Анын айтымында, буга чейин Сот департаменти  Свердлов райондук соту менен бирге бир имаратта орун алышкан. Бул өз кезегинде ыңгайсыздыкты жаратып келген болчу. Ошондуктан, мурдагы аскер сотунун имаратын толугу менен капиталдык  ремонттон өткөрүп, Сот департаментинин кызматкерлерине өзүнчө шарт түзүлүп жатат.

Толугураак

Салтанаттуу аземде  Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы  Айнаш Токбаева соңку  жылдары сот тутумун реформалоонун алкагында, аны каржылык жана материалдык-техникалык жактан жетиштүү камсыз кылууга мамлекет тарабынан чоң көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, соттук реформанын негизги максаттарынын бири катары финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү аныкталган, жаңы имараттын жаңылануусу дагы жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын жемиштеринин бири болуп санала тургандыгын айтты.

 

Жогорку соттун төрайымы белгилегендей, Сот департаменти жергиликтүү соттордун ишин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга, мыйзам менен каралган, мыйзамдык күчүнө кирген соттук жана башка актыларды аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка мүнөздөгү иштерди аткарууга чакырылгандыктан, Сот департаменттин жаңы имараттуу болушу бул сот тутуму үчүн чоң жетишкендик.

Айнаш Токбаева Сот департаментинин жаңы имаратындагы ар бир бөлмө менен таанышып, кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.  Ошондуктан түзүлгөн шарттар өз укугун коргоо үчүн Сот департаментине кайрылган жарандарга жана анын кызматкерлердин ишине ийгиликтүү натыйжа алып келээрине ишеним жасады. Мындан тышкары, келечекте бүт сот системасы татыктуу имараттарга ээ болот деген үмүтүн билдирди.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын штаттык саны 61 кишини түзөт, анын ичинде 42 – мамлекеттик кызматчы, 18 – техникалык жана кичи тейлөөчү персоналдар бар.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00