warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын окуган сайын С. Чокморовдун образы көз алдыма келет”

12.12.2017

Кыргыз элинин залкары, атагы ааламга таанылган Чыңгыз  Айтматовдун туулган күнүнө карата Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Кыргыз радио бирикмеси тарабынан уюштурулган “Айтматов ааламы” аттуу эл аралык радио фестиваль  бүгүн башталды.  Анда өлкөнүн белгилүү  окумуштуу-илимпоздору, саясатчылар, министрлер дүйнөнү дүңгүрөткөн калемгер Ч.Айтматовду эскеришип, чыгармаларынан көркөм окушат.

Бүгүн, 12-декабрда саат 17-30да Кыргыз радиосу, Биринчи радио, Мин кыял ФМ толкундарында Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  Төрайымы  Айнаш Токбаева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма”  чыгармасынан  үзүндү окуйт.

Толугураак

Айнаш Токбаева залкар жазуучунун “Кызыл алма” чыгармасын жактыраарын, бул чыгарманы окуган сайын белгилүү кино актер Сүймөнкул Чокморовдун образы көз алдына келе тургандыгын белгилеген эле.

““Кызыл алма” тасмасы атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кыл калеминен жаралган чыгармага экинчи өмүр берген. Ал тартылгандан бери бир нече жыл өтсө да, экрандын көркү болуп, кыргыз кереметтеринин катарын толуктап келет”.

 

Белгилүү болгондой, мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, 2018-жылы залкар  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Дүйнөлүк атагы бар кыргыздын даңктуу уулунун 90 жылдык маарекесине карата  бир катар иш чаралар уюштурулат.

Ал эми “Айтматов ааламы” аттуу эл аралык радио фестивалды бүгүн  төмөндөгү жыштыктардан уксаңыздар болот:          Чүй 106.9 Жалал-Абад 105.9 Талас 107.6 Ысык-Көл 106.0 Нарын 105.2 Ош FM 71.69 жана 71.81 Ош FM 71.69 жана 71.81 Баткен FM 70.88 жана 68.48

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00