Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “ Заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулушу керек” | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “ Заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулушу керек”

08.12.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын  облусттук соттордун төрагалары менен  видео  конференц байланышы болду. Учурда жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн камсыз кылуу  максатында электрондук сот өндүрүшүн  киргизүү боюнча  чоң иштер башталды.

Видео конференц байланыш  учурунда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева облусттук соттордун жетекчилери менен жергиликтүү соттордун  ишмердүүлүгү боюнча  маселелерди талкуулап, сот адилеттигин жүргүзүүнүн  сапатын жогорулатууга багытталган тийиштүү чараларды көрүүсүн  талап кылды. Мындан тышкары жергиликтүү соттор тарабынан ишти кароодо мөөнөттөрүн жылдыруу, жарандардан келип жаткан даттанууларды, соттордун жана аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоо маселеси каралды. Ошондой эле  судьялардын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматка жетишүү» Мыйзамын сактоосу, өз убагында  соттук актыларды sot.kg сайтына жайгаштыруу, жергиликтүү соттордо  калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү маселелери талкууга алынды.

Толугураак

Төрайымдын билдирүүсүнө караганда, сот тутумунун жакынкы аралыктагы приоритеттүү милдеттеринин бири катары сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын  жогорулатуу жана  электрондук сот өндүрүшүн киргизүү болуп саналат. Бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, арыз берүүчүлөр менен сот тутумунда иштегендердин ортосундагы байланышты  азайтат. Мындан тышкары  убакытты  жана каражатты  үнөмдөөгө  мүмкүн болуп, тараптарга билдирүүлөрдү  жөнөтүүдөгү көйгөйлөрдү чечип, соттордун ишин оптималдаштырат.

Айнаш Токбаева заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулуп, бул багытта башталган иштер жакын арада өз жемишин бере тургандыгын айтты.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00