Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт

09.01.2018

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын 1 бош кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 6 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Арыздарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу  Сот департаменти 2018-жылдын 9-январынан 18-январына чейин 10 күн ичинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64, 1-кабат, 2-кабинет. Кошумча маалыматты (0553) 63-00-90 жана (0558) 88-72-34 телефон номерлерине чалып, же www.otborsudei.kg сайтынан алууга болот.

Толугураак

Арызга тиркелүүчү документтер:

1) паспорттун көчүрмөсү;

2)жогорку юридикалык билими жөнүндөгү дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3)эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, юридикалык кесипте иштөө стажын тастыктаган башка документтер;

4)сынакка катышуу күнүнө чейин бир жылдан ашпаган убакыт мурда берилген саламаттыгынын абалы жөнүндө медициналык корутунду (№086 үлгүсүндөгү справка);

5) талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн пикирлер, сунуштар (бар болсо);

6) 3х4 өлчөмүндөгү бир фотосүрөт;

7) тиркеме папка.

8) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, төмөнкүдөй кошумча талап белгиленет - талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу.

Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан судьясы Сот департаментине арыз жолдоо менен сынактык тандоого катышууга укуктуу.

Тизмеде көрсөтүлгөн арыз жана документтерди тапшырууда бардык талапкерлер Сот департаментинде «Судьялык кызматка талапкердин анкетасын» толтурушат.

Сынакка катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан судьяларынын өздүк иштерин Судьяларын тандоо боюнча кеңешке Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары жана Сот департаменти жөнөтөт.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:

1.      Кыргыз Республикасынын жараны;

2.      Жашы – 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;

3.      "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими;

4.      Юридикалык кесиби боюнча он беш жылдан кем эмес;

5.      Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына талапкерлерге коюлуучу талаптар:

1)      Кыргыз Республикасынын жараны;

2)      Жашы 40 жаштан кем эмес, 70 жаштан улуу эмес;

3)      "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку юридикалык билими же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими;

4)      Юридикалык кесиби боюнча он жылдан кем эмес иш стажы барлар.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00