Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу семинар өтүүдө | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу семинар өтүүдө

12.12.2017

Бүгүн, 12 - декабрда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн семинар өтүүдө.

Семинардын максаты ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо боюнча иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева тренер катары чыкты. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29-беренесине ылайык,  ар бир адам өзүнүн жеке турмушунун кол тийбестигине, ар намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укуктуу. Эгерде мындай маалыматтарды тараткан адам алардын чындыкка ылайык экендигин далилдей албаса, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну сот аркылуу талап кылууга укуктуу. Массалык маалымат каражаттарында анын укуктарын же мыйзам тарабынан корголгон таламдарын кысымга алган маалыматтар жарыяланган учурда, жаран же юридикалык жак ошол массалык маалымат каражаттарында өзүнүн пикирин жарыялоого укуктуу (Кыргыз Республикасынын  Жарандык кодексинин 18-беренесинин 3-пункту). Мындан тышкары,өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган жаран, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын  Жарандык кодексинин 18-беренесинин 5-пункту).

Иш чара 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00