warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышы жөнүндө маселелер талкууланды

05.02.2018

Каракол шаардык сотунда Каракол шаарынын мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын жана Каракол шаарынын сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышы жөнүндө маселелер талкууланды.

Жолугушуунун негизги максаты болуп мамлекеттин пайдасына акча каражаттарын өндүрүү боюнча аткаруу документтеринин узак убакыттар бою аткарылбай келишинин себептерин аныктоо жана ошондой эле  мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, бул боюнча маселерди жана көйгөлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо саналат.

Толугураак

Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев өз сөзүндө учурда мамлекеттик алымдарды аткаруу маселеси курч турарын, дээрлик сот өндүргөн мамлекеттик алымдардын суммасынын негизги бөлүгү төлөнбөй жатканын белгиледи.  «Мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча соттук актылардын аткарылышында кээ бир кыйынчылыктар жаралып жатат. Бул  соттук актылардын аткарылышынын деңгээли төмөн экендигин жана узак убакыт бою мамлекеттин казынасына ири өлчөмдөгү акча каражаттары  төлөнбөй жатканын көрсөтүп турат. Коомчулук алдында бул сот тутумунун аброюна шек келтирип, терс таасирин тийгизет.» - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында, соттук актылардын өз убагында аткарылышы үчүн катышуучулар тыгыз байланышта болуу керек экенин белгилеп, ар тараптуу кызматташып турууну чечишти.

 

                                                                                             

 

                                                                     Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы

Гульзада Аширбаева                       

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00