Мыйзам жолу кеӊ болот, бардыгына теӊ болот.
Нарын облустук сот департаменти кошумча 11 иш бөлмөлөр менен толукталды. Белгилүү болгондой 2017-жылдын октябрь, ноябрь айларында башталган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү иштери аяктады. Имараттын эки кабат болгон менен чатырынын 100 метр квадрат аянтын жасалгалашып, кошумча иш бөлмөлөрү катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан сырткары канализация толугу менен алмашылып, суу түтүктөрү жаңыртылып, жаңы 3-кабатка жылуулук системасы тартылган.
Нарын облустук сот департаментинин жетекчиси Рыспек Болотбеков билдиргендей, курулуш иштерине бөлүнгөн 1миллион 400 миң сомду эффективдүү пайдалануу боюнча аркеттер көрүлүп, жаз алды менен имараттын сыртын жасалгалоо иштери уланат.
Эскерте кетсек, аталган имаратта Нарын шаардык соту, облустук юстиция, облустук сот департаменти ошондой эле мамлекеттик нотариалдык контора жайгашкан. Ал эми биринчи кабаттын айрым бөлмөлөрү Өзгчө кырдаалдар министрлигинин атайын адистеринин берген корутундусуна ылайык аварлиялык абалда болгон.
«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» багытындагы мамлекеттик максаттуу программанын алкагында 2016-2017-жыл ичинде Нарын облусу боюнча 5 райондук соттордун имараттары жана жогоруда айтылган соблусттук сот департаментинин имараттары толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Дүйшөмбү - Жума 08:30 – 17:30
Түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00
Азырынча комментарийлер жок
Комментарий жазуу