warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Окуучулар сот тутуму туурасында маалымдуулугун жогорулатышууда

05.12.2017

“Кыргызстан  сот аялдар ассоциациясы”  коомдук  бирикмеси  Сот системасы жөнүндө бир катар лекцияларды уюштурушту.  Мындай иш чаралар өлкөнүн жети облусу жана Бишкек менен  Ош  шаарларын кошкондо  27  мектепте өтүп, “ Сот тутуму туурасында маалыматтуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында, Биргеликте башкаруу боюнча  программасы аркылуу каржыланды.

Лекцияларды  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьялары өткөрүшүп, ага  жогорку класстардын 3 миңден ашык окуучулары  катышты.

Толугураак

Иш чаралардын негизги максаты, мектеп окуучуларынын сот  тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатып, судьялар менен жолугушуп, коомчулуктун сотторго болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.

Өз кезегинде фемида өкүлдөрү эмне үчүн көз карандысыз сот тутуму керек экендигин, соттор кантип адам укугун коргоп жаткандыгын айтып беришти. Мындан тышкары окуучулар сот тутумунун жарандардын жашоосундагы ролу жана укуктук маалыматты кайдан алуу керек экендиги туурасында кеңири маалыматтар берилди. Белгилей кетүүчү жагдай, “Кыргызстан  сот аялдар ассоциациясы”  коомдук  бирикмеси  “ Мен Кыргызстандын сот тутумун билем” деген аталыштагы китеп куралдарын  даярдашып, лекция учурунда бардыгына таркатылып берилди. Бул окуу куралы бир гана окуучулар үчүн эмес, мугалимдерге жана ата-энелерге дагы укуктук жактан жардам бермекчи.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00