warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Ош шаарынын мектептеринин мугалимдери менен жолугушуулар өткөрүлдү

01.02.2018

Ош областынын райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ош шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте 2018-жылдын 13-январында Ош шаарынын №42 Керме-Тоо атындагы орто мектебинин, 2018-жылдын 20-январында №6 Макаренко атындагы орто мектебинин, ал эми 27-январында №8 М.Горький атындагы орто мектебинин мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү.

Учурда тайпалык насыя алуу мугалимдердин арасында көп колдонулгандыктан атайын ушул багыт тандалып алынып, райондор аралык соттун торагасы Бакыт Сарыбаев насыя боюнча тараптардын укуктары, аларды аткаруу боюнча милдеттери, келишим түзүүдөгү финансылык сабаттулук, өткөн жылдагы насыя боюнча райондор аралык сотуна келип түшкөн доо арыздардын статистикаларын, аларды чечүүдө тараптардын теӊ укуктуулугу жөнүндө айтып,  насыя туралуу талаш-тартыштар боюнча сотко кайрылуу тартиптерине  кененирээк токтолуп өттү.

Толугураак

Иш-чара 30-январда №4 С.Киров атындагы орто мектебинде, 3-февраль күнү ОшМУ жогорку окуу жайынын окутуучулары менен улантылмакчы.

 

 

       Ош областтык сотунун басма сөз кызматы

 

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00