warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Расия Эралиева, Жогорку соттун отставкадагы судьясы:“Басма сөз катчылар соттук чечимдерди гана чагылдырып чектелбестен, жарандардын укуктук маданиятын да көтөрүүгө жардам бериш керек”

30.11.2017

Бүгүн,  2017-жылдын 30-ноябрда,   Бишкекте Кыргыз Республикасынын  сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн  тренинг башталды.

 “ Заманбап басма сөз кызматынын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен  болгон иштөө формасы жана ыкмасы” деген  аталыштагы эки күндүк тренингди өлкөнүн алдыңкы медиа-эксперттери, судьялар алып барышат. 

Толугураак

 

Башкы максат  басма сөз катчылардын массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланыштарын, кызматташтыгын жогорулатуу болуп саналат.

Тренингди ачкан Жогорку соттун басма сөз кызматынын жетекчиси Сюита Соурбаева басма сөз катчылардын маалымат таратуудагы ролу, алардын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон тыгыз кызматташтыгы туурасында токтолду.

Белгилей  кетсек, иш чара Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соту  жана  Кыргыз Республикасынын сот системасын бекемдөө боюнча  USAID-IDLO  программасынын жардамы аркылуу  уюштурулуп жатат.

IDLO  эл аралык уюмунун өкүлү Карыбек Дүйшеев Кыргызстандагы сот  системасын бекемдөөдө ЮСАИД жана IDLO  уюму  көмөктөшүп келе жаткандыгын белгиледи.

Тренингдин катышуучуларына Жогорку соттун отставкадагы судьясы Расия Эралиева сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан  иштер туурасында айтып, соттук процесстерди таркатууда басма сөз катчылардын ролуна токтолду.

Өз кезегинде Расия Эралиева, басма сөз катчылар соттук процесстердеги өкүмдөрдү, чечимдерди гана таркатып койбостон, элдин укуктук маданиятын көтөрүү багытындагы  иштерге  да  көңүл буруу  зарылдыгын белгиледи.

Ал эми медиа-эксперт Алмас Турдумаматов басма сөз катчылардын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара тыгыз байланышта болуусу боюнча кеңири айтып берди.

Тренингдин ишине Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, Бишкек шаардык сотунун жана Кыргыз Республикасынын облустук сотторунун, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчылары катышышууда.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00