warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Соттор тараптар ортосунда пайда болгон чырларды токтото алган ыкмаларды үйрөнүп жатышат

21.12.2017

Бүгүн, 21-декабрда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Инсандардын жеке өз ара аракеттенүүсү, чечендик өнөр жана конфликтология боюнча социалдык - психологиялык тренингтемасында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун судьялары үчүн эки күндүк тренинг өткөрүүдө.

Толугураак

 

Анда тренер катары Бишкек шаарында чечендик чеберчилик жана лидерлик мектебинин Чечендик өнөр боюнча кыргыз тилинен  тренер  Элмира Tурсунова чыкты. Анын айтымында, сот иши татаал, көп учурда психикалык оор шарттарда өткөрүлгөндүктөн, судьялар жаңжал иштердин маанисин түшүнүп, тараптар ортосунда пайда болгон чырларды токтото алган ыкмаларды билүүсү зарыл. Мындан тышкары фемида өкүлдөрүн сөз чеберчилигине үйрөтүү судьялар үчүн өтө актуалдуу экендигин белгиледи.

Бул иш чарага жергиликтүү соттордун 21 судьясы катышып, анын соңунда катышуучуларга сертификаттар берилет.

Белгилей кетүүчү жагдай, тренинг ЮСАИД/ИДЛО өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун көмөктөшүүсү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга Окуу планын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00