warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот адилеттигинин жогорку мектебине жаңы жабдуулар берилди

14.12.2017

Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында мекеменин  материалдык-техникалык базасын  жакшыртуунун алкагында жабдууларды тапшыруу аземи  болуп өттү.

Бул техникалык жардамды -  JCI тарабынан ишке ашырылуучу “Кесипкөйлүктү жогорулатуу” Компоненти жана IRZ тарабынан ишке ашырылуучу Электрондук сот адилеттиги боюнча Компонентинин ишинин алкагында, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору  көрсөттү.   

Толугураак

Аземге “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” Европа биримдиги долбоорунун өкүлдөрү - Радость Тофтисова Маттерон, Кристоф Копецки, Залина Абдулхафизова, долбоордун эл аралык эксперти, Германиянын отставкадагы судьясы - Манфред Верт, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматчылары катышышты. 

Жалпы суммасы 2,5 миң АКШ долларына  видеокамера, фотоаппарат, факсылык аппарат, микрофон түрүндөгү жабдуулар окутуу иш чараларды уюштуруу жана  өткөрүү процессин келечекте өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн тапшырылды.   

Сот тутумунун кызматчыларынын укук, этика жана кесипкөйлүктү жогорулатуу жаатында окутуу жана ар түрдүү тренингдерди өткөрүүдө колдоо жана өз ара кызматташууну расмий бекемдөө максатында, Европа биримдиги каржылаган “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ортосунда  өз ара мамилелер жөнүндө Меморандум 2015-жылдын 9-апрелинде түзүлгөндүгүн белгилейбиз.  

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00