Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана сот аткаруучуларынын кызматкерлери комплекстүү окуудан өтүшүүдө | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жана сот аткаруучуларынын кызматкерлери комплекстүү окуудан өтүшүүдө

18.09.2017

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификацияларын жогорулатуу боюнча курсу өткөрүлүүдө.

 

Толугураак

Окуу модулдары 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу»  Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен мыйзамдардын талаптарына жана сот практикасына ылайык иштелип чыкты. 

Окутуу эки топко бөлүп өтөт: 1-топ – 2017-жылдын 18-сентябрынан 23-сентябрына чейин; 2-топ – 2-октябрдан 7-октябрга чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында болуп өтөт. Окуунун жыйынтыгы боюнча модулдук тест өткөрүлөт.

Окутуу «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын иш чараларын аткаруунун алкагында, ошондой эле  Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылдын Окуу планына ылайык өткөрүүлүдө.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00