warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында семинар өткөрүүдө

19.09.2017

Бүгүн, 19-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте “Уул (кыз) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк, интернат мекемелерине балдарды жайгаштыруу тууралуу иштерди кароонун тартиби” темасында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (28, 29, 30 бөлүмдөрү) жаңы бөлүмдөрүнүн ченемдерин колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн эки                                                                       күндүк семинар өткөрүүдө. 

Толугураак

Тренерлер катары Дилара Арстанбаева – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Мариета Димитрова – эл аралык асыроо иштери боюнча адвокат, Болгарияда балдарды коргоо маселелери жана мыйзамдар боюнча парламенттик эксперт, Мадина Давлетбаева – отставкадагы судья, адвокат.

Саламдашуу сөздөрү менен Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору - Раушанай Тургунбаева, Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча долбоорлор бөлүмүнүн менеджери - Никола Скарамуццо жана “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси - Стефанос Кареклас жана Долбоордун негизги эксперти Радость Тофтисова-Маттерон чыгып сүйлөштү.

Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун 26 судьялары катышууда.

Иштин жыйынтыгы боюнча тренингдин акыркы күнү, 20-сентябрында угуучуларга сертификаттар  тапшырылат.

Бул иш чара 2017-жыдын Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруу алкагында Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында өтүп жатат. 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00