warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот тутумунун басма сөз катчылары кесипкөйлүгүн арттырууда

01.12.2017

Бүгүн, 1-декбрда,   “Заманбап басма сөз кызматынын  жалпыга маалымдоо каражаттары менен  болгон иштөө формасы жана ыкмасы” деген  аталыштагы эки күндүк тренинг соңуна чыкты.

Тренинг-семинар  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Соту  жана  Кыргыз Республикасынын сот системасын бекемдөө боюнча  USAID-IDLO  программасынын жардамы аркылуу  уюштурулуп, жергиликтүү  соттордун, Конституциялык палатанын, Бишкек шаардык сотунун, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин басма сөз катчылары катышышты.

Толугураак

Эки  күн  бою басма  сөз  катчылар менен   Кыргызстандагы  белгилүү  медиа  эксперттер  тажрыйбалары  менен бөлүшүп,  басма сөз кызматы менен жалпыга  маалымдоо  каражаттары  ортосундагы   коммуникация  туурасында айтып беришти.

Иш чаранын  биринчи  күнүндө Жогорку соттун отставкадагы судьясы Расия Эралиева, сот  тутумунундагы  жетишкендиктер, маалымат  таркатуунун ыкмалары  жана укуктук  маданият  туурасында  тажрыйбасы  менен  бөлүшүп, бир  топ  кызыктуу  фактыларга  токтолду.

 

Ал  эми, “Азаттык” радиосунун веб-редактору Рахат Кенешева маалыматтарды тандоо ыкмасы, жаңылыктардын тематикасы боюнча кеңири айтып берди.

 

 

 

 

Тренингдин  жүрүшүндө, белгилүү фотограф Ташболот Досалиев басма сөз катчыларга сүрөт тартуунун чеберчилиги, ыкмаларын  практика жүзүндө көрсөттү.

 

 

 

 

Медиа эксперт Чынара Токонова, пресс-релиз  жазуунун ыкмаларына,  практикалык иштерге басым жасап, басма сөз катчылардан келип түшкөн пресс-релиздерди, алар менен бирге  талкууга алышты.

 

 

 

Мындан тышкары медиа эксперт Авланбек Жумабаев басма сөз катчылардын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон өз ара кызматташтыгына  токтолду.

Аймактардан келген басма сөз катчылар аталган тренинг алардын ишине жана тажрыйбасына бир топ салым кошкондугун белгилешип, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз  иштөө, алар менен байланыштарды түзүү боюнча кеңири маалымат алышкандыгын белгилешти.

Соңунда катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.   

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00