warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот тутумун реформалоонун алкагында соттордун имараттарынын капиталдык ремонту аяктап жатат

08.02.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жана Жалал-Абад областынын төрагасы Шаршенбек Камбаров 2018-жылдын 7-февралында Жалал-Абад шаардык сотунун имаратынын аяктап жаткан реконструкциялоо иштери жана капиталдык ремонтунун жүрүшү менен жеринен таанышышты.

Жалал-Абад шаардык сотунун имаратынын реконструкциялоосу жана капиталдык ремонту, сот реформасын ишке ашыруу жана сот бийлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Мамлекеттик максаттуу программанын” алкагында жүргүзүлүп жатат. Имараттын капиталдык ремонту, судьялардын, сот кызматкерлеринин жана сот процессинин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоонун жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун заманбап талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.

Толугураак

Соттун имаратынын реконструкциясы жана капиталдык ремонту, соттун сот адилеттигин ишке ашырууга, ал эми сот процессинини катышуучуларына өздөрүнүн укуктуарын жана кызыкчылыктарын коргоого мындан да ыңгайлуу шарттарды түзөт.          

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, жергиликтүү соттордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары менен таанышуу максатында Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында кызматтык иш сапарда болуп кетти. 

 

                                                           Жалал-Абад областнын басма-сөз катчысы 

Маркэл Болотов

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00