warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Студенттерге укуктук жактан насааттар айтылды

08.12.2017

Жаштардын Кыргыз Республикасынын сот тутуму туурасында маалыматтулугун жогорулатуу максатында 2017-жылдын 7-декабрында Ысык-Көл облусттук соту студенттерге ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик юридикалык Академиясынын Ысык-Көл Юридикалык институтунун 1-2-3-курстарынын студенттеринен куралган илимий-практикалык ийриминин катышуучулары жана анын жетекчиси Акжолтой Иманалиева катышышты.

Толугураак

Ысык-Көл облусттук  сотунун басма сөз катчысы Гульзада Аширбаева студенттерге экскурсия уюштуруп, соттун иш процесси менен тааныштырды. Соттун аппаратынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттери жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле студенттер жазык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты. Мындан тышкары  Ысык-Көл облусттук сотунун төрагасынын орун басары Болот Асанбаев студенттер менен укук таануу жаатында маек куруп, өзүнүн насааттарын айтты. Бир катар суроолоруна жооп берип, студенттерди жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын туу тутуп, бекем сактоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга «Кыргызстан сот аялдар ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган  «Мен Кыргызстандын сот системасын билем» аттуу китеп куралдары белекке тапшырылды.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00