warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Студенттер укуктук маданиятын жогорулатышууда

04.12.2017

Ушул жылдын 1-декабрында, Ош облустук сотунун судьясы  Калыгул Салиев Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу  Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, студенттерге адам укуктары, сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кеңири маалыматтар берилди.

Фемида өкүлү студенттерге түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуш үчүн атайын видеофильм  көрсөтүп,  жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын ийгиликтерине токтолду.

Өз кезегинде жаштар кызыктырган суроолорун беришип, кеңири дискуссия жарата алышты.

Бул иш чара өсүп келе жаткан муундардын, болочок мугалимдердин укуктук  аң сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатууга , ошондой эле сот бийлиги жөнүндө  маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00