Мыйзам жолу кеӊ болот, бардыгына теӊ болот.
Бүгүн, 2017-жылдын 27-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Бишкек шаардык сотуна дайындалган беш судья салтанаттуу түрдө ант беришти. Ант берүү аземин ачкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жаңы дайындалган судьяларды өзүнүн жана Жогорку соттун атынан куттуктап, судьялык татаал жана жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады. Бишкек шаардык сотунун судьялыгына дайындалган Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна салтанаттуу түрдө ант беришти.
Белгилиүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 8 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
2017-жылдын 16-декабрында мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн болчу. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болгон.
Өлкө башчысынын жарлыгы менен менен 5 талапкер - Бейсекеев Эрмек Толеувич, Воронцова Ирина Николаевна, Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович, Мамбеталы Жаныл, Толубаева Бермет Мамыровна Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалган.
Дүйшөмбү - Жума 08:30 – 17:30
Түшкү тыныгуу 12:00 – 13:00
Азырынча комментарийлер жок
Комментарий жазуу