warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Таласта студенттер укуктук сабаттуулугун жогорулатышууда

22.11.2017

Талас шаарындагы «ИСИТО» кесиптик колледжинде, Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек студенттерге  лекция өттү.

      Лекциянын жүрүшүндө  бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоо чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер туурасында кеңири айтып  берилди.  Ошону менен бирге жаштар арасында кылмыштарды жасоо себептери, тенденциялар жана көйгөйлөрүн студенттер менен бирге талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Толугураак

Мындан тышкары  колледждин студенттерине    сот тутуму, курамы жана түзүлүшү боюнча дагы түшүндүрмө  берилди.

            Жолугушууда Токтосун уулу Каныбек келечекте мындай иш-чаралар системалуу түрдө Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен биргеликте өткөрүлөрүн белгилеп, студенттерге окууда жакшы жетишкендиктерге ээ болуп,  ар бири мамлекеттин мыйзамдарын жакшы билип, сыйлап, жашоосунда позитивдүү өзгөрүүлөр болушун каалап кетти.

                                     

 

 

                                     Талас облустук  сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00