Талас шаарынын № 2 мектебинде «Мыйзам – балдардын укуктарын коргоо механизми» деген темада лекция өттү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Талас шаарынын № 2 мектебинде «Мыйзам – балдардын укуктарын коргоо механизми» деген темада лекция өттү

28.10.2017

2017 - жылдын  27 – октябрында Талас шаарынын № 2 мектебинде «Мыйзам – балдардын укуктарын коргоо механизми» деген темада лекция өттү.

Иш-чара Талас облустук сотунун демилгеси менен, Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калива, Талас облустук сотунун судьясы Жылдыз Жумагулова, мектептин социалдык педагогу – Е. А. Бортникованын катышуусу менен жүргүзүлдү.

Толугураак

Лекция жүрүшүндө «Балдардын укуктарын коргоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; жашы жете элек балдардын конституциялык укуктары; мамлекеттик кепилдиктер; жашы жете элек балдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууда укуктарын коргоо боюнча кепилдиктер; жашы жете элек балдардын укук бузууларын сотто кароонун тартиби, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоо жана так сактоо  көрүнүшү каралды.

Аягында, Талас облустук сотунун төраймы К. Калиева: «Бардыгы, жаш курагына карабастан, өздөрүнүн укуктарын билиши керек. Анткени бул жашоодо койгон максаттарга жетүүгө жана терс жагдайларга учурабаганга жардам берет» - деп баса белгилеп кетти.

                                                           

 

 

 

Талас областтык  сотунун басма-сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00