warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

ШКУга кирген өлкөлөрдүн Жогорку Соттордун төрагаларынын жыйыны Өзбекстан Республикасында өтүүдө

25.10.2017

Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин Жогорку Сотторунун  төрагаларынын 12-жыйыны бүгүн  Ташкент  шаарында  башталды. Бул ирет жыйынга Өзбекстан  төрагалык кылууда. Белгилей кетсек, биринчи жолу сегиз мамлекеттин өкүлдөрү  бир  столго  чогулду.

Алар: Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикистан, Өзбекстан  жана Кыргызстан.

 

Толугураак

Жыйындын  жүрүшүндө,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Сотунун  төрайымы Айнаш   Токбаева  өлкөнүн  сот  тутумунда  жүрүп  жаткан  реформаларга  токтолуп, “Эл  аралык  укуктук  нормаларды сактоодо  жана  соттордун  практикасындагы бирдиктүү принциптерди  колдонууда ошондой  эле кызматташтыкты бекемдөөдө  Шанхай  кызматташтык  уюмунун жыйынынын  орду чоң. Анткени,  бул  иш-чара диалог  түзүп маселелерди  кеңири талкулоого  көпүрө  болот”-деп  белгиледи.

 

Айта  кетсек, Айнаш  Токбаева  жыйында «Кыргызстандагы  сот  тутумун  реформалоонун чаралары  жана келечеги”  туурасында  кенен  айтып  берди.

 

 

 

 Иш-чаранын  алкагында ШКУнун  катышуучулары Өзбекстан  Республикасынын  Жогорку  сотунун  музейи  менен  таанышып  чыгышты. Ал  эми, Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева,  өзүнүн  кол  тамгасы менен  каалоо - тилегин коноктор  үчүн  коюлган китепчеге калтырды.

Кыргызстандан барган делегациянын  курамын КРнын  Жогорку Сотунун судьясы  Кеңешбек Токтомамбетов, Бишкек  шаарынын Биринчи  май райондук  сотунун төрайымы  Айнура Сатарова  толуктады.

Шанхай  кызматташтык  уюмунун жыйын 27-октябрда жыйынтыкталат. Соңунда  биргелешкен билдирүүгө  кол  коюлары  күтүлүп  жатат.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00