Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

12.09.2017

2017-жылдын 9-сентябрында Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында мамлекетибизде жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.

Толугураак

Бул иш-чара Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А. Молдакуновдун демилгеси менен өткөрүлдү. Мелдештин уюштуруучусу Ак-Суу райондук соту. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы, Теплоключенка айылдык кенеши, Ак-Суу районунун «Заря» кооперативи жана Ак-Суу районунун жаш спортчулары уюштуруу иштерине колдоо көрсөтүштү.

Жалпысынан мелдеште областтык соттун, шаардык жана райондук соттордун жана Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.

Бул иш-чаранын башкы максаты болуп жаштарды сергек жашоого үндөө, сот системасынын кызматкерлеринин арасында, достук жана спорттук алаканы бекемдөө, мыкты кичи-футбол командасын аныктоо жана кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын тапшыруу саналат.

Мелдеш жандуу ритмде өтүп, катышуучулар жеңишке жетүүдө эркин жана биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандар оюнчуларды активдүү эмоционалдуу колдоп жатышты. Оюндардын соңунда жеңүүчү болуп Ак-Суу райондук сотунун командасы жарыяланды.

Салтанаттуу түрдө мыкты оюнчуларга ар кандай номинациядагы дипломдорду Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы У. Дөкөнбаев тапшырып, мелдештин катышуучуларына спорт жаатында мындан аркы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады. Биринчи орунду багындырган Ак-Суу райондук сотунунун командасы кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Кубокту жеңүүчүлөргө Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А. Молдакунов тапшырып, кезектеги турнирди өткөрүү эстафетасын Жети-Өгүз райондук сотуна өткөрүп берди.

Экинчи орунду ээлеген Каракол шаардык сотунун командасы  менен үчүнчү орунду алган Жети-Өгүз райондук сотунун командасы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Дипломдорду Ак-Суу райондук сотунун төрагасы Э. Шаршеев жана Каракол шаардык сотунун төрагасы С. Ниязалиев тапшырышты.

                                

                                

Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00