warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Эссе сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

28.12.2017

Бүгүн, 2017-жылдын  28- сентябрында, Жогорку соттун Пленум залында   “ Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү келечектери” деген аталыштагы сот тутумунун кызматкерлеринин  жана жогорку окуу  жайларынын  студенттеринин ортосунда  эссе сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.  Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева катышып, сынактын жеңүүчүлөрүн куттукттоо менен аларга ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана  Евробиримдиктин  Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган  сынакка 20га жакын  эмгек келип түшкөн.

Толугураак

 

Сынакка Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти жана Сот адилеттигинин жогорку мектеби, сот тутумундагы аппарат кызматкерлери катышты. Ошондой эле сынакта  жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин  жогорку курстарынын студенттери  өздөрүн сынап көрүштү.

Эсселерди  кароо боюнча Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаеванын буйругу менен 5 кишиден турган калыстар тобу түзүлүп, өз чечимин чыгарды.

 

Ага ылайык, сот тутумунун кызматкерлери арасынан:

3-орун  - Талас  областтык сотунун жардамчысы  - Кушубеков Максат Бакытбекович;

 

 

 

 

2-орун Бишкек  шаардык сотунун  сот отурумунун катчысы - Зайдик кызы Рахат;

 

 

 

 

1-орун  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Мыйзамдар  менен иштөө, соттук тажрыйбаны жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумдун ишин камсыздоо башкармалыгынын Мыйзамдар менен иштөө секторунун Иш кагаздарын жүргүзүүчүсү Жанболотов Улан Кубанычбекович;

Баш байге – Чүй  облусунун Кемин  райондук  сотунун судьясынын  жардамчысы - Мусакеев Тилек Медербекович.

 

Жогорку окуу  жайларынын арасынан:

3-орун -Токоева Айсулуу Турсунбековна- Кыргыз Мамлекеттик  Юридикалык  академиясынын  студенти;

 

 

 

 

2-орун -Аскарова Жибек Бактыбековна- Кыргыз Мамлекеттик  Юридикалык  академиясынын  Адвокатура жана  юстиция  факультетинин  студенти;

 

 

 

 

1-орун- Ольхова Юлия Павловна-  Кыргыз Мамлекеттик  Юридикалык  академиясынын  сот –прокурордук  факультетинин студенти;

 

 

 

 

Баш байге - Оморова Нарис Канатбековна- Кыргыз Мамлекеттик  Юридикалык  академиясынын  сот –прокурордук  факультетинин студенти;

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00