warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

“Аялдарга жана кыздарга карата жасалган гендердик кылмыштар боюнча сот иштерин кароо” темасында семинар өткөрүүдө

29.09.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 29-сентябрында, “Кыргызстандагы гендердик зомбулуктун алдын алуу” БУУӨП долбоорунун алкагында “Аял-судьяларынын кыргыз  ассоциациясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби уюштурган, аялдарга жана кыздарга карата жасалган  гендердик кылмыштар боюнча семинар өтүүдө.

 

Толугураак

Семинардын ишине Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын түндүк регионунун жергиликтүү соттору катышууда.  Ал эми, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору - Раушанай Тургунбаева жана “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Зульфия Турумбекова сөз сүйлөштү.  

Лекторлор катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Камчибеков Шералы Равшанбекович жана Бишкек ш. Октябрь райондук сотунун судьясы  Архарова Кымбат Кадыровна чакырылды.

Белгилей кетсек, Пекин декларациясы жана Аялдардын абалы боюнча БУУнун IV Дүйнөлүк  конференциясында кабыл алынган Пекин  иш аракеттер платформасынын (1995-жыл) негизинде гендердик басмырлоо жана өз жарандарынын жеке жана коомдук жашоосунда зомбулукка жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алуу милдеттенмелерди өзүнө алып, Кыргыз Республикасы эл аралык документтерди ратификациялагандыган .

Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27 - июнундагы № 443 токтому менен бекитилген, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын аткаруу үчүн жүргүзүлүүдө.

Ушундай эле семинар Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун жергиликтүү соттору үчүн 6-октябрда Ош шаарында өткөрүлөт.  

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00