warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

“Сот ишинде медиациянын техникасы” аттуу семинар өтүүдө

08.08.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте 2017-жылдын 7-августунан 11-августуна чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында жарандык жана экономикалык иштерди караган Кыргыз Республикасынын  соттору үчүн  “Сот ишинде медиациянын техникасы” темасы боюнча беш күндүк окуу өткөрөт. 

 

Толугураак

 

 

Иш-чаранын лекторлору: Светлана Загайнова - тренер, эл аралык эксперт, Урал мамлекеттик юридикалык университетинин Медиация борборунун директору, юридикалык илимдердин доктору, профессор; Николай Тарасов - юридикалык илимдердин доктору, профессор, Урал мамлекеттик юридикалык университетинин медиатору.

Окуудан өткөн соттор жана Улуттук медиация борборунун медиаторлорунун ичинен жумушчу топ түзүлөт, ал талдоо иштерин жүргүзөт жана судьялар коомчулугу менен медиаторлор үчүн  сунуштама даярдайт.

Окууга Кыргыз Республикасынын 20 судьясы катышууда: Жогорку соттон - 2 судья, Бишкек шаардык соттон - 2 судья, Бишкек ш. райондук  соттон -  7 судья, Бишкек ш. район аралык соттон - 2 судья, Чүй облустук соттон- 1 судья жана Чүй облусунун райондук сотторунан – 6 судья.

  КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби пресс-кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00