warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Баткен облустук сотунда ачык эшик күнү өткөрүлдү

15.05.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Ушул жылдын 15-май күнү Баткен облустук сотунда Баткен Мамлекеттик Университетинин Баткен юридикалык-экономикалык колледжинин студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү.

 

Толугураак

 

Аталган колледждин мугалими Касым Туптилов баштаган студенттер  Баткен облустук сотунун имараты менен таанышуу менен бирге өздөрү кызыктар болгон суроолоруна жоопторду алышты. Алгач студенттер менен Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев, төраганын орун басары Зарипбек Аданбаев, облустук соттун судьялары Бостонбай Айжигитов жана Бактияр Алибаевдер студенттерге, сот тармагы боюнча айтып, суроолорго жооп беришти. 

Баткен облустук сотунун бөлүм башчысы Шекербек Мамажусупов сотко арыздардын келип түшүүсүнөн баштап, каралып бүткөн ишти архивге тапшырганга чейинки соттун иш жүргүзүүсү менен тааныштырды. Ошондой эле судьялардын жардамчылары жана сот отурумунун катчылары менен маек курушту. Сот отурумунун залы менен таанышышкан студенттер, өздөрүнө жакшы маалыматтарды ала алгандыктарын айтышып,  Баткен облустук сотунда болгон ачык эшик күнүн уюштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.

                                                    Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00