warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жалал-Абадта судья окуучуларга профилактикалык маектешүү өткөрдү

16.05.2017.

2017-жылдын 13-майында Жалал-Абад областтык сотунун судьясы Калыков Бакыт Усенканович Жалал-Абад шаарынын №5 орто мектебинин 11-классынын окуучулары үчүн жашы жете электер тарабынан мыйзам бузуучулукка жана кылмыш жасоого барууну алдын-алуу боюнча профилактикалык маектешүү өткөрдү.   

Толугураак

 

Судья Б. Калыков окуучуларга кылмыштын жана мыйзам бузуучулуктун түшүнүктөрүн ачып берип, алардын адам менен коомго тийгизген терс кесепеттери жөнүндө айтып берип, судьялык тажрыйбадан мисалдарды келтирип берди. Андан кийин судья окуучуларга кылмыш жоопкерчилигине тартуунун, соттолуунун жана жашы жете электердин инспекциясына каттоогокоюунун жаман кесепеттери тууралуу маек куруп берди.  

Жолугушууда окуучулар юрист кесибине чоң кызыгуусун көрсөтүшүп, юридикалык жогорку билимди алууга байланышкан суроолорун берип жатышты.             

Иш чараны аяктап жатып, судья Б. Калыков окуучуларды дагы бир жолу мыйзамдарды сактоого жана урматтоого чакырып, бүтүрүүчү экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, алдыңкы жогорку окуу жайларына окууга өтүүлөрүн каалап кетти.  

Жалал-Абад областтык сотунун пресс-кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00