warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Баткенде өз аялын өлтүргөн жаранга КРнын Мыйзамына ылайык жаза чектелди

20.07.2017.

Соттолуучу Э.С. 1983-жылы Баткен районунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, билими орто, 3 баласы бар, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

 

 

Толугураак

Окуя боюнча соттолуучу Э.С.  2011-жылы Баткен районунун Дара айылдык аймагына караштуу Чек айылында жашаган 1989-жылы туулган Т.Г.га үйлөнүп, турмуш куруп жашап жүрүшүп, 2 эгиз кыздуу болушуп, 2015-жылдын 12-сентябрында бири-бири менен өз ара келише албастан ажырашып кетишкен. Соттолуучу Э.С. ушул жылдын 14-январында маркум Г.Т. менен уюлдук телефон аркылуу байланышып, Баткен шаарында жолугууну макулдашат. Саат 17:50дө Баткен шаарынын борбордук базарынын жанында жолугушкандан кийин, Г.Т.ны автоунаага отургузуп алып, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужум айылынын Чет-Булак участкасына ээн талаага барып сүйлөшүп отурган учурда, өз ара пикир келишпестиктен улам анын баш тарабына автоунаанын ичинде муштуму менен уруп жибергенде Г.Т. автоунаадан түшүп ага «мен сени милицияга берип каматам деген сөзү үчүн» ал жерден колуна таш алып Г.Т.ны баш тарабына бир жолу уруп жибергенде ал жерге жыгылып арадан 2-3 мүнөт өткөндөн кийин Г.Т. өзүнө келген мезгилде, кайра «сен мени ура турган болдуӊбу, мен сени милицияга берип каматам» деген сөзү үчүн өзүнүн кылмышын жаап жашыруу максатында аны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүнү көздөп, ал жерде эч ким жоктугунан жана маркумдун алсыз абалынан пайдаланып, анын башына ошол жерде жаткан чоӊ таш менен баш тарабына бир нече жолу уруп жерге жыгытып, кайрадан ошол жерде жаткан чоӊ ташты алып Г.Т. башынын арт тарабына бир нече жолу уруп, жерге эс учун жоготуп жыгылып калган мезгилде, колундагы таш менен кайра бир жолу башына уруп өлтүргөндөн кийин изин жашырып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 2-июнундагы, соттолуучу Э.С. күнөөнү толук мойнуна алгандыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 3,6,13-п.п. менен күнөөлүү деп табылып 20 (жыйырма) жылга эркиндигинен ажыратылган.

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы 2017-жылдын 18-июлунда маркумдун мыйзамдуу өкүлү жана соттолуучунун апелляциялык даттануусу боюнча кылмыш ишин карады.   

Баткен  райондук соттун өкүмүнөн соттолуучу Э.С.дан жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материалдык катары зыян 135 835 сом жана 100 000 сом моралдык зыянды өндүргөн бөлүгү алынып салууну, өкүмдүн калган бөлүгүн күчүндө калтырууну, апелляциялык арыздарды канааттандыруусуз калтырууну соттук коллегия туура деп эсептейт.

Анткени Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 141-ст. 3-б. ылайык, жазык ишин териштирүүнү жарандык доо боюнча кеңири эсеп-кысап жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, сот доону канааттандыруу тууралуу жарандык доогердин укугун туура таап жана анын өлчөмү жөнүндөгү маселени жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде чечүүгө бере алат.

Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 135-ст. 3-б. ылайык, доосу сот тарабынан кароосуз калтырылган адам өзүнүн доосун жарандык сот ишинин тартибинде коюуга укуктуу деп көрсөтүлгөн.

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы Баткен райондук сотунун Э.С.дан жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына моралдык зыянды өндүргөн бөлүгү алынып салынсын.  

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз соттолуучу камакта калтырылсын.

Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

Өкүмгө нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл иретинде даттанууга укуктуу деген өкүм чыгарды.

                                          Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00