2017-жыл ичинде Баткен областтык сотуна 480 иш келип түшкөн | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

2017-жыл ичинде Баткен областтык сотуна 480 иш келип түшкөн

07.02.2018

2017-жылдын 6-февралда, Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда Баткен облустук сотунда болду. 

2017-жыл ичинде Баткен областтык сотунун соттук коллегиясына апелляциялык жана кассациялык тартипте шаардык жана райондук соттордон  баардыгы болуп 480 иш келип түшкөн. Апелляциялык  тартипте 99 жазык иши 130 адамга карата, кассациялык  тартипте  27 иш 34 адамга карата  каралган. Өткөн жылга салыштырмалуу келип түшкөн иштер 99 га көп болгон.

Толугураак

Жарандык  иштер боюнча апелляциялык тартипте 140 иш кассациялык тартипте 39 иш түшкөн. Экономикалык иштер апелляциялык тартипте 17 иш кассациялык тартипте 13 иш. Ал эми административдик иш боюнча апелляциялык тартипте 22 иш, кассациялык тартипте 16 иш түшкөн. Ал эми жыл ичинде жарандык иштер боюнча каралган иштердин негизин доону өндүрүү, жумушка кайрадан орноштуруу, турак жайдан мажбурлап чыгаруу сыяктуу иштер түзгөн.

КРнын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева өз сөзүндө сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүнү, коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууну, сот ишиндеги процессуалдык нормаларды сактоону, коррупцияга бөгөт коюну жана башка бир катар тиешелүү маселелерге, өзгөчө мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө токтолду.

2017-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында аткарылган иштер боюнча канааттандыраарлык деп табылды.

 

 

 

 

Ошондой эле Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева 2017-жылы Баткен облусундагы  судьяларынын ичинен сот адилеттигин ишке ашырууда жакшы көрсөткүчтү бере алган Баткен облустук сотунун судьясы Алибаев Бактыяр Маликовичке алкыш жарыялады.  

                                                               Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы.

                                                                                                          Аскар Баймуратов.

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00