warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкарууга Европа Биримдиги көмөк көрсөтөт

29.01.2016.

2016-жылдын 29-январында Бишкек шаарында, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы сотторду эффективдүү башкаруу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүүдө.

Толугураак

 

Мында судьялардын жана соттордогу иштердин көптүгү, судьяларга баа берүүнүн регулярдуу системасы жана соттордун төрагаларын окутуунун атайын программасын уюштуруу суроолору каралмакчы.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун экс-төрайымы Максуда Оморова өлкөбүздөгү соттордун абалы тууралуу маалымат берүүдө. Ал эми Германиянын Бамберг шаарынын жер (райондук) сотунун экс-төрагасы Манфред Берт кесиптештерине өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

Кыргызстандагы сотторду эффективдүү башкаруу үчүн «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоору Европанын тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Европа Биримдиги Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө өтө чоң маани берет. Бул үчүн Европа Биримдигине кирген жана ага кирүүгө ниеттенген Европа өлкөлөрүнүн сот тармагы боюнча тажрыйбалары көрсөтүлүп, анын керектүүсүн жана ылайыктуусун биздин соттордо колдонуу каралат. Европа Биримдиги сотторду эффективдүү башкаруу үчүн пилоттук түрдө Аламүдүн, Свердлов райондук сотторунда жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда маалыматтык технологиялардын системасын киргизмекчи. Буга кошумча соттордогу башкаруунун эффективдүүлүгү, сот отурумдарынын создуктуруусун, сот өндүрүшүнө байланыштуу финансылык жана убактылуу чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жеңил жетүү сыяктуу суроолор боюнча көмөктөшмөкчү.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00