warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун экс-прокурор К. Мамакеев, У. Жумабеков жана М. Дононбаевге карата чыгарган өкүмү

29.06.2016.

2016-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ачык соттук отурумда экс-прокурор К. Мамакеевге, У. Жумабековго жана М. Дононбаевге карата жазык ишин карады.

 

Толугураак

 

Мамакеев Куванычбек Асанович, 1961-жылы Ош облусунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, жогорку билимдүү, Аламүдүн районунун экс-прокурору, үй-бүлөлүү, беш баланын атасы, мурда соттолгон эмес, 2015-жылдын 25-августунан тартып камакта. Биринчи май райондук соту тарабынан КРнын КЖКнын 313-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жазасын күчөтүлгөн шарттамдагы абакта өтөөсү белгиленди.

Жумабеков Улукбек Абдыкарыевич 1973-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, жогорку билимдүү, Аламүдүн районунун прокурорунун экс-орун басары, үй-бүлөлүү, беш баланын атасы, 2015-жылдын 25-августунан тартып камакта. КРнын КЖКнын 30-беренеси (Кылмышка шериктеш болуу), 313-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен күнөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 50 000 эсептик көрсөткүчтө (5 млн. сом) айып төлөө белгиленди.

Дононбаев Марат Орозалыевич 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, жогорку билимдүү, Аламүдүн районунун прокурорунун экс-улук жардамчысы, үй-бүлөлүү, эки баланын атасы, мурда соттолгон эмес. КРнын КЖКнын 30-беренеси (Кылмышка шериктеш болуу), 313-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен күнөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 40 000 эсептик көрсөткүчтө (4 млн. сом) айып төлөө белгиленди.

Эскерте кетсек, тергөө органдары тарабынан Мамакеев К.А., Жумабеков У.А. жана Дононбаев М.О. Аламүдүн районун прокуратурасында иштеп жатышканда 2015-жылдын июлунда айыл чарбасына каралган жерлердин ээлеринен ал жерлерге мыйзамсыз курулуштар боюнча алардын кызыкчылыгында чечим кабыл алуу үчүн бардык жер участокторунун ээлеринин атынан өкүл болгон Д.Т.дан 20 000 (жыйырма миң) АКШ долларын пара катары талап кылышкан.

2015-жылдын 28-июлунан 25-августуна чейин Д.Т.дан 6 800 АКШ доллары жана 78 000 сом пара катары алышкан.

2015-жылдын 25-августунда паранын бир бөлүгүн алып жаткан учурда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан Мамакеев, Жумабеков жана Дононбаев кармалышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту

 

 

 

 

 

 

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00