Аялынын өмүрүн кыйгандыгы үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылган | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Аялынын өмүрүн кыйгандыгы үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылган

25.10.2016.

2016-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту ачык соттук отурумда Доолетбеков Замирбек Жолдошбековичке карата жазык ишти караган.

 

Толугураак

 

Замирбек Доолетбеков 23-октябрь 1984-жылы Чуй областынын Ысык-Ата районунун Дон-Арык айылында туулган, Кыргыз Республикасынын жараны, билими жок, убактылуу иштебейт, аскерге милдеттүү эмес, үй-бүлөлүү, 2 балалуу, мурда соттолбогон, жашаган жери: Чүй областы. 2016-жылдын 4-августунан бери Бишкек шаарынын СИЗО-1 камакта, айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн өз убагында алган, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-статьясынын (Киши өлтүрүү) 1-бөлүмү менен айыпталган. Ишти карап, сот төмөндөгүлөрдү тапкан:

2016-жылдын 4-август күнүнө караган түнү болжол менен түнкү саат 00.45 чамасында соттолуучу Доолетбеков Замирбек өзү убактылуу жашаган Бишкек шаарындагы үйүндө өзүнүн аялы 1989-жылы туулган С. Э. менен төшөктө жатышкан учурда сөз талашып уруша кетишкен, андан кийин башка бирөөнүн өмүрүн кыюу максатында өзүнүн келинчегинин көмкөрөсүнөн жатканынан пайдаланып, арт жагынан үстүнө чыгып, колуна жоолук кармап мойнуна ороп болжолу 5 мүнөт убакыт муунтуп кармап турган, андан кийин муунтуп жаткан жоолугун кое бергенде, аялы С. Э. каза болгонун байкаган.

Натыйжада, жабырлануучу С. Э.нин өмүрү кыйылган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин соттук-медициналык экспертиза борборунун 2016-жылдагы соттук-медициналык экспертизасынын корутундусу боюнча жабырлануучу С. Э.нин өлүмүнө себеп болуп, анын мойну муунтулуп аба жетишпестен өлгөндүгү далилденген.

Соттук отурумда соттолуучу Доолетбеков З.Ж. күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, төмөндөгүлөрдү көрсөткөн: 2016-жылдын 3-август күнү жумуштан келсе, балдызы бар экендигин, алар чогуу тамак ичишкендигин, кечинде саат болжол менен 18.00 чамасында 1 литр “Наше пиво” сыра ичимдигин чогуу ичишкендигин, анан балдызы андан бир күн мурун урушуп койгондугу тууралуу аялы ага айткандыгын, ошол боюнча экөөнүн ортосунда бир аз келишпестик болгондугун, балдызы өзүнүн батирине кеткендигин, андан кийин келинчеги, 2 баласы менен өзү жашаган батирде калышкандыгын, төшөк салып жаткандан кийин, ал аялына ыза болгондугун айтып, “муунуп өлөмүн” деп үйдөгү паровой печкага чалкасынан отуруп? үйдөгү балдызынын жоолугун алып бир четин түйүп, моюнуна ороп асынса, келинчеги аны “кой” деп кайра колунан тартып алып койгон. Анан ошол кезде “мындан ары болду урушпайлы, жакшы жашайлы, балдарыбызды ойлойлу” деп сүйлөшүп жатышкандыгын, бир убакта келинчеги “мен да өлөм, жашоого тойдум” деп аны кекетип жатты, ошону менен төшөктө жаткан учурда жанагы жоолукту келинчегинин мойнуна бир ороп тартып муунткан, ошол кезде коркуу сезим пайда болуп өзүн билбей калып, беш минутадан кийин караса, келинчегинин мурдунан кан чыгып кетиптир. Анан жоолукту кое берип, аны ары-бери түрткүлөсө жаны жок. Анан эшикке чыгып, медициналык тез-жардам чакырууга телефон издеп, коңшу батирдеги аялдан телефон сураса, ал “телефонунда бирдиги жок” экендигин айткандыгын, анан улуу баласын ойготуп, балдызы жашаган батирге барышкандыгын, ага келинчегин муунтуп өлтүрүп койгондугун айтып, кайра үчөө чогуу келишип, балдызы ыйлаганда коңшулары келишип, аялын өлүп калгандыгын көрүшүп, милицияга чалышып, кетип калышкандыгын, алар кеткенден кийин 5-6 минутадан кийин милиция кызматкерлери келип аны кармап кеткендигин, кылмыш иш боюнча өкүнгөндүгүн көрсөткөн.

Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусунан улам соттолуучу Доолетбеков З.Ж. жасаган иш-аракеттерине толук жооп бере ала тургандыгы, эч оорусу жок экендиги көрүнгөн.

Доолетбеков Замирбек Жолдошбекович Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-статьясынын (Киши өлтүрүү) 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, ушул статья менен ага 12 (он эки) жыл эркинен ажыратуу жазасы белгиленген. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, баш коргоо чарасы эч өзгөртүүсүз-камактагы бойдон калтырылган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00