Жергиликтүү соттордун судьялары адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча тренингке катышууда

20.10.2017

Адамдарды сатуу менен байланышкан иштерди кароодо судьялардын билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында Ош шаарында окутуу тренинги  өтүүдө. Мында өз тажрыйбалары менен  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары - Турсунгул Чаргинова, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Асанова экс-судья, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лектору бөлүшүшүүдө.

Иш чара Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы №14 токтому менен бекитилип, адамдарды сатуу менен күрөшүү боюнча Өкмөтүк программанын ошондой эле 2017-жылга Сот адилеттигинин жогорку мектебинин Окуу планын аткаруу алкагында өткөрүлүүдө.  

Маалым болгондой, Кыргызстанда “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзам кабыл алынган. Адамдын эркиндиги, намысы, кадыр-баркы жана башка ажырагыс укуктары эң жогорку баалуулук болуп саналат, аларды камсыздоо баш мыйзам менен бекемделген.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарованын "Эркин-Тоо" гезитине берген маеги

17.10.2017

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова: “Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк гана эл ишенимин кайтарат”

- Айнура Мелисовна, ар дайым адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту талап кылган бул кесипти тандаганыызга өкүнбөйсүзбү? Төрайымдыкка келгенге чейин бир топ эле электен өтсөүз керек?

- Сот системасында иштегениме 25 жыл болуп калды. Тагдырдын буйругубу, алгачкы эмгек жолум соттон башталган. Тагыраак айтканда, студенттик кезимден эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот отурумунун катчысы болуп иштей баштадым. Кийинчерээк, улук консультант болдум, андан соң соттун арыз жана иш кагаздарын камсыздоо бөлүмүн жетектедим. 2002-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна судьялыкка дайындалып, 2005-жылга чейин судья, ал эми 2010-жылга чейин адвокат болуп иштегенмин. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна судья болуп дайындалдым.

Толугураак

Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: "Биринчи кезекте мыйзамды туу кармасак мамлекетибиз гүлдөп өсөт"

15.10.2017

Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Сотунун төрайымы  Айнаш  Токбаева бүгүн, 15-октябрда эртең  менен Бишкек  шаарындагы №9 мектеп  гимназиясында  орун  алган  № 1005 шайлоо  тилкесинен  добуш  берди. Төрайым  добуш  берүүгө келинин  менен келди. Айнаш  Токбаева табиятынан  өтө  жөнөкөй. Бул  ирет  да  ал, эч  кандай  бир күзөтчүлөрдүн коштоосу  жок эле жөө  басып келди.  

-Шайлоого келип добуш берүү  ар бир  жарандын  милдети деп билем. Мен, ар бир  шайлоого катышып  өзүмдүн позициямды көрсөтүп  тандоо жасайм.  Бул  ирет  да  ошол салтты бузган  жокмун. Эң  башкысы  өлкө  башына келе турчу  жетекчи, эл  үчүн  иштеп өлкөнүн  өнүгүшү  үчүн жанын  аябай иштеш керек. Кыргыз  эли  табиятынан  айкөл, тынчтыкты ынтымакты  сүйгөн, кыраакы жана  меймандос  калкыбыз. Ошондуктан,  тандоосунан адашбасын  тилейм. Биринчи кезекте мыйзамды туу кармасак мамлекетибиз гүлдөп өсөт.

Кыргыз Республикасынын сотторунда кезекчилик уюштурулду

15.10.2017

2017-жылдын 14-15-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экономикалык  жана административдик  коллегиясы, аппарат кызматкерлери ошондой  эле  Бишкек  шаарынын райондор  аралык  сотунун соттору кезекчиликте  турушат. Бул  тууралуу буйрукка, Жогорку Соттун төрайым Айнаш Токбаева  кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик  кызматкерлер эртең мененки саат  8.30дан кечки 22-00гө чейин кезекте  болушат. Мындай  чара шайлоочулардан келип түшкөн  арыздарды өз  учурунда кароо максатында  көрүлгөн.

Кыргыз Республикаснын административдик-процессестик кодексинин 202-беренесине ылайык шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыз сот тарабынан ал берилген күндөн тартып - үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнөн мурдагы күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн арыз дароо каралууга тийиш.

“Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтому бир добуштан кабыл алынды

13.10.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун кезектеги Пленумунун отуруму болуп өттү. Анда, Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева,  “2013-2015 - жылдарда каралган мыйзам менен каршы абалда болгон жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  жана жаш балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле кылуу боюнча жазык иштерди жана аларга карата бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу материалдарды жалпылоодо пленумдун “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомун иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон”-деп  билдирди. 

Толугураак

ПРЕСС-АНОНС

12.10.2017

 

2017-жылдын 13-октябрь күнү, саат 16-00дө, Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Соту кезектеги  пленумун  өткөрөт. Анда  күн тартибине эки маселе коюлду:

- “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу”;

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамынан кээ бир мүчөлөрүн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө”.

 

Толугураак

Келечектеги юристтер үчүн ачык эшиктер күнү

10.10.2017

Билимдүү  жаштар  өлкөнүн  келечеги, ал  эми теорияны  практика  менен  айкалышы - бул келечекке  болгон  ишенимдүү  кадам. Мындай пикирин  сот департаментинин жетектөөчү адиси Айжан Усупбекова келечектеги кесиптештерине маалымат берип  жатып  билдирди. Айта   кетсек, Сот департаментинин Нарын облаттык башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын алдындагы Нарын юридикалык колледжинин келечектеги юристтери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Сот тутумундагы ачык- айкындуулуктун бир формасы болуп саналган ачык эшиктер күнүндө, болочоктогу юристтер сот кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жана сот тутумунун иштөө тартиби тууралуу өз түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00