Жалал-Абад областынын судьялары чогулуш өткөрдү

06.06.2017.

Сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, сот процессин создуктурууга бөгөт коюу жана сот тарабынан процесстик мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу максаттарында, Жалал-Абад областтык соту 2017-жылдын 22-27-май күндөрү Жалал-Абад областынын биринчи инстанциядагы сотторунун жайгашкан жерине барып, текшерүү жүргүздү.      

Толугураак

Президент Алмазбек Атамбаев сот реформасынын укуктук негиздерин калыптандырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртууга салым кошкондорго сыйлыктарды тапшырды

05.06.2017.

 

УЧКАЙ МААЛЫМАТ

(расмий тилде)

Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

05.06.2017.

 

 

Белгиленген иштердин тизмеси:

2017-жылдын 5-июнуна

2017-жылдын 6-июнуна

2017-жылдын 7-июнуна

 

Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

05.06.2017.

 

Белгиленген иштердин тизмеси:

2017-жылдын 5-июнуна

2017-жылдын 7-июнуна

2017-жылдын 8-июнуна

 

Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде соттордун аппарат кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлүүдө

05.06.2017.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте 2017-жылдын 5-7-июнунда Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас областарынын сотторунун аппарат кызматкерлеринин билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү максатында 2017-жылдын 1-июлунан күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын жаңы Жарандык-процесстик кодексинин ченемдерин колдонуу жөнүндө адистештирилген тренинг өткөрүүдө.

Толугураак

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун билдирүүсү

05.06.2017.

2017-жылдын 2-июнунда Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө митинг уюштуруп, бактарды кыюуну токтотууну талап кылып, Токтоналиев көчөсүндө жолду тоскон 10 адамга карата административдик материалдар келип түшкөндүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирет.

Ошол күнү, 2-июнда сот иштерди карап, анын жыйынтыктары боюнча бардык укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 29-беренесин колдонуу менен токтомдорду чыгарган. Администрациялык жаза-чара катары эскертүү түрү чыгарылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту

Жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку сотто ант беришти

05.06.2017.

2017-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Талас жана Нарын облустарынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү. 

 

Толугураак

Сот департаменти балдар интернат-үйүнүн тарбиялануучуларын куттуктады

05.06.2017.

 

УЧКАЙ МААЛЫМАТ

(расмий тилде)

 

Ысык-Көл областтык соту Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

02.06.2017.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Ар жылы, 1-июнда көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле биздин мамлекетибизде да Балдарды коргоонун эл аралык күнү майрамдалат. Жайдын алгачкы күнү Каракол шаарында балдардын майрамына карата бир катар иш-чаралар менен акциялар пландаштырылган.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00