Акмат Бакиевдин соту 10-июнда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда өтөт

07.06.2013.

Эскерте кетсек, Бакиев Акмат Салиевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 336-ст. 1-б.  (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) менен каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2013-жылдын 3-майында келип түшүп, судья Молдобаев Алмазбек Тавалдыевичтин кароосуна берилген.

Кылмыш ишинин материалдарынан А. Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун иши боюнча сот бүгүн Бишкек шаардык сотунда уланат

07.06.2013.

Бүгүн, 7-июнда саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Жапаров Садыр Нургожоевич, Мамытов Талант Турдумаматович, Кожоналиев Кубатбек Азатович, Исаев Бекзатбек Абдыразакович, Кадырбаев Саирбек Суюналиевичтин иши боюнча сот процесси уланат.

Эскерте кетсек, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич, Жапаров Садыр Нургожоевич, Мамытов Талант Турдумаматович, Кожоналиев Кубатбек Азатович, Исаев Бекзатбек Абдыразакович,

Ош шаардык соту маалымдайт

06.06.2013.

Ош шаардык сотунун Төрайымы Бекчанова Кымбат Айнакуловна сот системасына сиӊирген эмгеги жана ушул тармактагы реформаларды ишке ашырууга кошкон салымы үчүн 2012-жылдын «Мыкты инсаны»болуп аныкталып,

Камчыбек Көлбаевдин соту 6-июнда уланат

05.06.2013.

Эртеӊ, 6-июнда саат 10:00до Камчыбек Көлбаевдин иши боюнча сот процесси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда улантылат.

Эртеӊ, 4-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда саат 10:00до Учкунбек Ташбаевдин сот процесси уланат

03.06.2013.

Эскерте кетсек, Ташбаев Учкунбек Азизбекович, Акелов Таалайбек Абдраманович, Асанов Айбек Кадырович, Асанов Базарбай Абдылкасымович, Аттокуров Мелс Шерикбаевич, Жеенчороев Мирлан Канатбекович, Осмонбеков Эмиль Кубатович, Рыскулов Уланбек Дуулатович, Субанкулов Руслан Совитович, Токтоналиев Асан Саматович, Шабаева Гульфия Рашитовна, Эрматов Канатбек Эсенович Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 307-ст. 1-б. (Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу),

304-ст. 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 307-ст. 1-б., 304-ст. 2-б. менен каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталышууда. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2013-жылдын 9-апрелинде келип түшкөн жана судья Субанкулов Адылбек Анарбековичтин кароосуна берилген.

Бүгүн, 3-июнда саат 15:00до Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Акмат Бакиевдин соту болот

03.06.2013.

Бакиев Акмат Салиевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 336-ст. 1-б.  (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) менен каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 2013-жылдын 3-майында келип түшүп, судья Молдобаев Алмазбек Тавалдыевичтин кароосуна берилген.

Кылмыш ишинин материалдарынан А. Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №35 жатак абагында жазасын өтөп жатып, ден-соолугунун начарлаганына байланыштуу

2012-жылдын 3-февралынан «КафМедЦентрПлюс» клиникасына даарыланганга жаткырылган. 2012-жылдын 3-мартында А. Бакиев белгиленген аймактан чыкпоого жазган колкаты боюнча милдеттенмесин бузуп, клиникадан качып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырган. 

Бүгүн, 2013-жылдын 31-майында жаӊы шайланган Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары ант беришти

31.05.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун Төрайымы, анын орун басарлары жана Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары ант беришти. Андан соӊ биринчи жыйынын өткөрүшүп, Аскер сотунун Төрага жана анын орун басарларын төмөнкү курамда шайлашты:

Эртең, 28-майда,саат 15.00до, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Сотунда Учкунбек Ташбаевдин сот процесси уланат

27.05.2013.

Ташбаев Учкунбек Азизбекович, Акелов Таалайбек Абдраманович, Асанов Айбек Кадырович, Асанов Базарбай Абдылкасымович, Аттокуров Мелс Шерикбаевич, Жеенчороев Мирлан Канатбекович, Осмонбеков Эмил Кубатович, Рыскулов Уланбек Дуулатович, Субанкулов Руслана Совитович, Токтоналиев Асан Саматович, Шабаева Гульфия Рашитовна, Эрматов Канатбек Эсеновичтер Кыргыз Республикасынын КЖКнин 307-ст. 1-б.; 307-ст. 1-б.; 304-ст. 2-б.; 304-ст. 2-б. менен каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы

прокуратурасынан сотко 2013-жылдын 9-апрелинде келип түшкөн.Ишти Судья Субанкулов Адылбек кароодо.

Бүгүн, 27-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун «jogorku.sot.kg» веб-порталынын бетачары болуп өттү

27.05.2013.

Бетачар аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын орун басары Канатбек Турганбеков, USAID- ИДЛОнун Кыргызстандагы  сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын сот реформасы боюнча улук кеӊешчиси Айбек Давлетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын кеӊешчиси Курал Абдыкадыров,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева катышты.

Сайт USAID-ИДЛО программасынын колдоосу менен ишке ашты.

 

Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 4 судьясы шайланды

15.05.2013

Бүгүн, 15-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 4 судьясын шайлашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди тааныштырды.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00