Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 4 судьясы шайланды

15.05.2013

Бүгүн, 15-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 4 судьясын шайлашты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди тааныштырды.

20-майда, саат 14:00до Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Камчыбек Көлбаевдин соттук отуруму уланат

14.05.2013.

К. Көлбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери  менен айыпталып, 2013-жылдын 18-апрелинде биринчи сот отуруму болуп, андан бери 23чү, 25-апрель, 2чи, 3чү, 8чи жана 14-майда уланып келди.

Көлбаев Камчыбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 231-ст. 1-б.; 30-247-ст.ст. 2-б. 1,4-п.п., 3-б. 1,4-п.п.; 30-241-ст.ст. 3-б.; 30-123-ст.ст. 3-б.; 30-341-ст.ст. 2-б.; 30-125-ст.ст. 3-б.; 30-105-ст.ст. 2-б., 1,4,5-п.п.; 30-168-ст.ст. 1-б., 30-170-ст.ст. 3-б., 2,3-п.п.; 30-183-ст.ст. 3-б. боюнча айыпталууда.

П. Рахмановдун соту

14.05.2013.

Эртеӊ, 15-майда, саат 10:00до Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Рахманов Пайзуллабектин иши боюнча сот процесси болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-ст. 2-б.; 343-ст.: 233-ст.  1,2-б.б.; 341-ст. 1-б. 4-б.; 233-ст. 3-б. менен каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталган Рахманов Пайзуллабек Паязбекович жөнүндөгү кылмыш иши 2013-жылдын 15-апрелинде Биринчи май райондук сотуна келип түшкөн.

Биринчи май райондук соту И. Самсониянын иши боюнча тыныгуу жарыялады

14.05.2013.

Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Б. Джаналиев Илья Самсонияга карата кылмыш ишин карап, күбө А. Бандурашвилинин көрсөтмөсүнөн соң 16-майга чейин тыныгуу жарыялады.

Кийинки сот процесси 16-майда, саат 10:00до болот.

К. Көлбаевдин соту 14-майда уланат

13.05.2013.

Эртеӊ, 14-майда саат 10:00до Камчыбек Көлбаевдин иши боюнча сот процесси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда улантылат.

Эскерте кетсек, К. Көлбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин бир нече беренелери менен айыпталууда. Үстүбүздөгү жылдын 18чи, 23чү, 25-апрелинде жана 2чи, 3чү, 8-майында алты сот процесси болгон.

Жогорку Сот Р. Сабировдун ишин 23-майда карайт

08.05.2013.

Равшан Сабировдун иши боюнча сот процесси Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, 2013-жылдын 23-майында саат 11:00до болот. Эскерте кетсек, Р. Сабировдун иши боюнча сот бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда болмок. Бирок, анын жактоочусу И. Айткулов иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу сот процессине катыша албастыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылуусунун негизинде сот процесси жылдырылган.

Р. Сабировдун соту жылдырылат

07.05.2013.

Равшан Сабировдун жактоочусу И. Айткулов иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу, эртеӊ сот процессине катыша албастыгын билдирип, ишти башка күнгө жылдыруу боюнча өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна кайрылды.
 

К. Көлбаевдин соту 8-майда уланат

06.05.2013.

Камчыбек Көлбаевдин иши боюнча кезектеги сот процесси Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда, 8-майда саат 15:00до болот.

Эскерте кетсек, К. Көлбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин бир нече беренелери менен айыпталууда. Үстүбүздөгү жылдын 18чи, 23чү, 25-апрелинде жана 2чи, 3-майында беш сот процесси болгон.

Сооронбай Карабаев Баткен облустук сотунун Төрагасы болуп шайланды

03.05.2013.

Бүгүн, 2013-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Баткен облустук сотунун жаӊы шайланган 8 судьясы Жогорку Соттун судьяларынын катышуусунда ант беришти.
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева Баткен облустук сотунун жаӊы шайланган курамын куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге эл үчүн акыйкат жана таза иштөөлөрүн өтүндү.
 

У. Ташбаев боюнча сот процесси 30-апрелге белгиленди

29.04.2013.

 

Ташбаев Учкунбек Азизбекович, Акелов Таалайбек Абдраманович, Асанов Айбек Кадырович, Асанов Базарбай Абдылкасымович, Аттокуров Мелс Шерикбаевич, Жеенчороев Мирлан Канатбекович, Осмонбеков Эмил Кубатович, Рыскулов Уланбек Дуулатович, Субанкулов Руслана Совитович, Токтоналиев Асан Саматович, Шабаева Гульфия Рашитовна, Эрматов Канатбек Эсеновичтер Кыргыз Республикасынын КЖКнин 307-ст. 1-б.; 307-ст. 1-б.; 304-ст. 2-б.; 304-ст. 2-б. менен каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан сотко 2013-жылдын 9-апрелинде келип түшкөн. 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00