“Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтому бир добуштан кабыл алынды

13.10.2017

Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда Жогорку Соттун кезектеги Пленумунун отуруму болуп өттү. Анда, Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Сотунун  төрайымы Айнаш  Токбаева,  “2013-2015 - жылдарда каралган мыйзам менен каршы абалда болгон жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  жана жаш балдарга карата зомбулук жана катаал мамиле кылуу боюнча жазык иштерди жана аларга карата бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу материалдарды жалпылоодо пленумдун “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу” токтомун иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болгон”-деп  билдирди. 

Толугураак

ПРЕСС-АНОНС

12.10.2017

 

2017-жылдын 13-октябрь күнү, саат 16-00дө, Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Соту кезектеги  пленумун  өткөрөт. Анда  күн тартибине эки маселе коюлду:

- “Жашы жете электердин жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча соттук тажрыйба тууралуу”;

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамынан кээ бир мүчөлөрүн чыгаруу жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө”.

 

Толугураак

Келечектеги юристтер үчүн ачык эшиктер күнү

10.10.2017

Билимдүү  жаштар  өлкөнүн  келечеги, ал  эми теорияны  практика  менен  айкалышы - бул келечекке  болгон  ишенимдүү  кадам. Мындай пикирин  сот департаментинин жетектөөчү адиси Айжан Усупбекова келечектеги кесиптештерине маалымат берип  жатып  билдирди. Айта   кетсек, Сот департаментинин Нарын облаттык башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын алдындагы Нарын юридикалык колледжинин келечектеги юристтери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Сот тутумундагы ачык- айкындуулуктун бир формасы болуп саналган ачык эшиктер күнүндө, болочоктогу юристтер сот кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жана сот тутумунун иштөө тартиби тууралуу өз түшүнүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Жумгал райондук сотунун имаратынын ремонт иши аяктоо алдында турат

10.10.2017

Кыргызстанда  соттордун имараттарын  оңдоп  түзөп же  жаңы  куруу  аракеттери ыкчам  жүрүп жатат. Нарын  областынын Жумгал  районунун  имараты  да  ремонт иштерине  муктаждардын  катарына  кирип, азыр сырдалып, жылууланып, эшик  терезелери  жаңыланып кайрадан  колдонууга  берүү  алдында  турат. Жеринде жүрүп  жаткан  иштер  менен Нарын  областтык  сотунун  төрагасы Алдаярбек Абдыбеков  жана сот департаментинин Нарын  областтык  башкармалыгынын  башчысы таанышышты. Маалым  болгондой, иш  белгиленген тартиптин  негизинде жүзүп,  бөлүнгөн  каражат натыйжалуу жана  үнөмдүү жумшалып иш  кызуу жүрүп  жатат. Куруучулардын  айтымында эки  жума  аралыгында толугу  менен  ремонт  иши аяктап өткөрүп  берилет.

Айта  кетсек, "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында акыркы эки-үч жылдан бери республика боюнча бир катар сот имараттары капиталдык  ремонттон  өткөрүлүп,  айрымдары жаңы имараттарга ээ болушту.

Жергиликтүү соттор жана басма сөз катчылар үчүн уюштурулган үч күндүк тегерек стол максатына жетти

10.10.2017

«Массалык  маалымат жаражаттары  үчүн резонанстуу иштер  боюнча  маалымат  берүүнүн тартиби  жана  негативдүү  материалдарга кантип  чара  колдонуу керек». Мына  ушул  тема  үч  күн  бою жергиликтүү соттордун  судьяларынын  жана басма  сөз  катчыларнын  көңүл  борборунда  болду.  Тегерек  столду алгач КРнын  Жогорку  Сотунун  төрайым Айнаш  Токбаева ачып,  маселенин  бүгүнкү  күндөгү  актуалдуулугуна көңүл  бурду, «Азыркы  өнүккөн  технологиянын  доорунда  негативдүү  маалыматка ыкчам көз  салып  чара  колдонуу  зарыл  турат»-деп  төрайым  белгиледи.  

Толугураак

Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: «Кыргыз эли белдүү жигитинен айрылды!»

08.10.2017

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана жеке мен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин  мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу  менен  кабыл  алдык. 

Кантебиз, Кыргыз эли белдүү жигитинен айрылды! Ал болгону 38 жаш куракта эле. Гүлгүндөй курагында мамлекеттин  оор  жүгүн  мойнуна  алып, кыргыз  саясатындагы келечектүү  кадрлардын  бири  эле. Жаткан жери жайлуу болсун! Жараткан  бейиштен орун берсин! Тууган уругуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Калган жашын артында калган балдарына  берсин.

Ыйманы саламат болсун.   

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Соттук чечимдердин сапатын жакшыртуу” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн семинар өткөрдү

06.10.2017

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби ЕБ - Борбор Азия укук үстөмдүүлүгүнүн платформасы, “Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү” (GIZ) Германия эл аралык кызматташтык коомчулугунун программасы, ЕБ “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору менен биргеликте “Соттук чечимдердин сапатын жакшыртуу” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн эки күндүк семинар өткөрдү. 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00