Главная новость | Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту

Главная новость

Окуучулар Сузак райондук сотунда болушту

20.11.2017

Жалал-Абад областынын Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-ноябрында мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. 

Соттун төрайымы А.Смадиярова окуучуларга  райондук сот менен апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциядагы соттун айырмасын айтып берип, андан кийин окуучулардын келечекке койгон пландары менен таанышып, өздөрүнүн тажрыйбалуу кеңештерин келечектеги адистерге берди. Фемиданын өкүлү жаштарды өз мекенинин мыйзамды сыйлаган атуул болуусуна жана өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө үлгү болуп берүүсүнө чакырды.

Толугураак

Ош областтык сотунун Н. кызы А.га карата чыгарган өкүмү

04.05.2017.

Н. кызы А. 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны, билими жогорку, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт, бойдок, 1 баласы бар, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-ст. 3-б. 3-п. менен айыпталган.

 

Толугураак

Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

02.05.2017.

 

Белгиленген иштердин тизмеси:

2017-жылдын 3-майына
2017-жылдын 4-майына

 

Эркиндик алты жыл он айлык абакка алмашылды

25.05.2016.

Майрыков Азис Сатарович 1983-жылы Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Билими орто, бойдок, эч жерде иштебейт. Сокулук районунун тургуну. Мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

  

Толугураак

Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн тренинг башталды

08.02.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 8-февралында, Бишкекте Кыргыз Республикасынын сот тутумунун басма сөз катчылары үчүн тренинг башталды.

 

 

Толугураак

Алдаярбек Абдыбеков: Судья болуу сыймыктуу жана жооптуу

12.01.2016.

Абдыбеков Алдаярбек Нарын облусунун Ат-Башы районунун Калинин (азыркы Ак-Талаа) айылында 1960-жылы туулган. Ташкенттеги юридикалык техникумду 1982-жылы бүтүргөндөн кийин эмгек жолун райондук айыл чарба башкармалыгында юристконсульт болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку юридикалык билим алгандан кийин нотариус, адвокат, андан соң беш жылдан ашык Нарын облустук адвокаттар коллегиясынын төрагасы болуп иштеген, 2007-жылы судьялыкка өтүп, облустук сотто судья, андан соң төраганын орун басары болуп эмгектенген. Азыркы убакта Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу. Үзүрлүү эмгеги үчүн ал бир катар Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган, 2013-жылы ага Нарын облусунун ардактуу атуулу наамы ыйгарылган. Жубайы Фатима экөө эки кыз, эки уулду, алты неберени тарбиялап өстүрүүдө.

Толугураак

Ош облусунун Ош шаардык сотуна сынактык тандоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктары

15.12.2015.

Абдулаев Н. Ж. – 20 упай, Акматов А. А. – 20, Апышев А. А. – 20, Атаназаров Н. А. – 20, Батырбеков Ж. М. – 20, Белеков Б. С. – 20, Галиева Ж. Д. – 20, Жалалова М. Ш. – 20, Закиров С. Ж. – 20, Истамкулов К. М. – 20, Кудаяров Ж. Ж. – 20, Матенов Т. У. – 20, Матисаков К. М. – 20, Омурзакова А. А. – 20, Осмонов Б. А. – 20, Сатыбалдиев Б. Т. – 20, Сулайманова А. Э. – 20, Туманбаев У. Б. – 20, Чикиев Т. Д. – 20, Кадыркулов Ш. М. – 19.5, Кадырова А. С. – 19.5, Арзыбаев У. К. – 19, Курманбеков Т. У. – 19, Султанов С. Э. – 19, Авазов.М. А. – 18, Аманов С. К. – 18, Жээнбеков Ж. Т. – 18, Расаходжаев Б. С. – 18, Токтосунов Н. Т. – 18, Сыдыков К. А. – 17, Тешабаева К. Т. – 17, Салиев Л. Д. – 16, Дуйшеев Э. Т. – 15.5, Жобонов К. К. – 15.5, Маматов М. Ж. – 15, Аматов Н. Т. – 14.5, Жуманазаров Ж. Ж. – 14, Жоробеков Т. С. – 13.

ТАБЛИЦА

Жогорку Сот Көк-Сай айылынын тургуну А.Турсункуловдун турак-жайын тинтүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу соттук ишин карап чыкты

08.10.2013.

2013-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумда Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 13-августундагы аныктамасына карата Талас областтык прокуратурасынын бөлүмүнүн ага прокурору Т. Ахуновдун көзөмөл иретиндеги сунушунун негизинде Талас областына караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну 1969-жылы туулган Турсункулов Абдымалик Акматовичтин турак-жайына тинтүү жүргүзүү боюнча соттук материалын карап чыкты.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин ЖАРЫЯСЫ

11.03.2013.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык палатасынын судьяларынын 6 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялайт.

Арыздарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти 2013-жылдын 11 мартынан 21-мартка чейин 10 күн ичинде саат 09.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64, 4-кабат, 8-кабинет. Кошумча маалыматты (0312) 48 61 13 телефонуна чалып, же www.otborsudei.kg сайтынан алууга болот.

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева 8-март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктады

07.03.2013.

Урматтуу Айымдар, кымбаттуу Энелер!

Чын жүрөгүмдөн Сиздерди келе жаткан 8-Март Эл аралык Айымдар күнү менен куттуктайм!
Байыртадан  бери аялзаты жашоонун маӊызы, сулуулуктун булагы болуп келет. Айымдар үй-бүлөнүн коломтосунун сактоочусу, үйдүн кутун коргоочу. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык тармагында Сиздер активдүү иш алпаруу менен бирге мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис зор салым кошуудасыздар. Сиздердин араӊыздарда белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, окумуштуулар, соттор, мекеме жетекчилери, мугалимдер жана дарыгерлер бар. Сиздер кайраттуу, демилгелүү, камкордуу жана назиксиздер!

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00