Главная новость

Жогорку Соттун 2012-жылды жыйынтыктоо пленуму өттү

01.03.2013.

2013-жылдын 28-февралында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун жыйынтыктоо отуруму болуп өттү.

Отурумду Жогорку Соттун Төрайымы Феруза Джамашева ачты. Жогорку Соттун Пленумунун катчысы Камиль Осмоналиев жыйында Жогорку Соттун 25 судьясынын катышуусунда, кворум болгондугун баяндады.

Ош облустук сотунун Төрага жана анын орун басарлары шайланды

28.02.2013.

2013-жылдын 27-февралында жаӊы шайланган Ош облустук сотунун 10 судьясы мыйзамдын талаптарына ылайык биринчи жыйынын өткөрүшүп, Ош облустук сотунун Төрага жана Төрагасынын орун басарларын шайлашты.

Ош облустук сотунун Төрагасы болуп Шамшиев Абдрасул Абдрахманович шайланды.

Төраганын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары болуп Кубатов Айвар Эсенкулович шайланды.

Жогорку Соттун 2012-жылды жыйынтыктоо пленуму

12.01.2013

2013-жылдын  28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун жыйынтыктоо отуруму болот.

Пленумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын 2012-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жөнүндө соттук коллегиялардын төрагаларынын баяндамалары жана 2013-жылдагы иштеринин планы каралат.

 

Жогорку Соттун Төрайымы Ф. Джамашева Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын Сегизинчи Кеңешмесине катышат

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан 21-февралына чейин Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын Сегизинчи Кеңешмеси өтөт.

Бүгүн, 19-февралда Кеңешмеге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф. Джамашева, Жогорку Соттун төрагасынын административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басары Б. Аманалиева, Чүй облустук сотунун жана Кыргыз Республикасынын соттор Кеӊешинин Төрагасы Д. Айжигитов сапар алышты.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00