Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Сот адилеттигинин жогорку мектебине жаңы жабдуулар берилди

14.12.2017

Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында мекеменин  материалдык-техникалык базасын  жакшыртуунун алкагында жабдууларды тапшыруу аземи  болуп өттү.

Бул техникалык жардамды -  JCI тарабынан ишке ашырылуучу “Кесипкөйлүктү жогорулатуу” Компоненти жана IRZ тарабынан ишке ашырылуучу Электрондук сот адилеттиги боюнча Компонентинин ишинин алкагында, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору  көрсөттү.   

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева: “Сотторду башкаруу боюнча райондук соттун төрагасынын кол китеби” алардын ишине чоң жардам бермекчи ”

13.12.2017

Бүгүн,  2017-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сотторду башкаруу боюнча райондук сотунун төрагасынын кол китебинин бет ачаары болду. Жогорку соттун Төрайымынын буйругу менен, жергиликтүү сотторго практикалык жактан  жардам берүү иретинде,  биринчи инстанциядагы соттордун төрагаларынын кол китебин  иштеп чыгуу үчүн Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева, ошондой эле судьялар Ирина Горшковская, Эльвира Джаркеева жана Азамат Узакбаев жетектеген   жумушчу топ түзүлгөн болчу.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу семинар өтүүдө

12.12.2017

Бүгүн, 12 - декабрда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында “Ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” темасында Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн семинар өтүүдө.

Семинардын максаты ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо боюнча иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын судьяларынын билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева тренер катары чыкты. 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасын окуган сайын С. Чокморовдун образы көз алдыма келет”

12.12.2017

Кыргыз элинин залкары, атагы ааламга таанылган Чыңгыз  Айтматовдун туулган күнүнө карата Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Кыргыз радио бирикмеси тарабынан уюштурулган “Айтматов ааламы” аттуу эл аралык радио фестиваль  бүгүн башталды.  Анда өлкөнүн белгилүү  окумуштуу-илимпоздору, саясатчылар, министрлер дүйнөнү дүңгүрөткөн калемгер Ч.Айтматовду эскеришип, чыгармаларынан көркөм окушат.

Бүгүн, 12-декабрда саат 17-30да Кыргыз радиосу, Биринчи радио, Мин кыял ФМ толкундарында Кыргыз Республикасынын  Жогорку  сотунун  Төрайымы  Айнаш Токбаева улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл алма”  чыгармасынан  үзүндү окуйт.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби административдик мамлекеттик бош кызмат орунун ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

11.12.2017

БАРДЫК АДМИНИСТРАТИВДИК МАМЛЕКЕТТИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ЖАЛПЫ КЕСИПТИК ТАЛАПТАР:

1. Билими:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

- “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конститутциялык палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конститутциялык                                                                      мыйзамдарын;

Толугураак

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоодо соттордун ыйгарым укуктары боюнча квалификациясын жогорулатышты

11.12.2017

2017-жылдын 7 - декабрында, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде ювеналдык юстициянын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагалары үчүн семинар өттү. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы - Гульбара Калиева жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы - Аида Сейдакматова лекторлор катары чыгышты.

Толугураак

 

Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын иштеринин тизмеси

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00